Акыйкатчы түрк фирмасынын кармалган өкүлүнүн баш коргоо чарасын кайра кароону өтүндү

Акыйкатчынын аппарат кызматкерлери 28-апрелде убактылуу кармоочу жайда кармалып турган
Gata Havayolları ve Taşımacılık A.Ş. түрк компаниясынын өкүлчүлүгүнүн башчысы Ксения-Барабаш-Хашам менен жолукту.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Барабаш-Хашам кармалганын укук коргоо органдарынын басымы жана коркутуусу катары баалайт.

Анын айтымында, жашы жете элек эки баласы, 14 жаштагы кызы, аутизм менен жабыркаган 12 жаштагы уулу, ошондой эле 75 жаштагы апасы бар. Аларга андан башка эч ким кам көрө албайт.

Акыйкатчы өзү Бишкек шаардык сотуна камакка алуу бөгөт чарасын эч жакка кетпөө тил катына алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Азыр Ксения-Барабаш ТИЗО-1ге камалган.

Буга чейин Ксения Барабаш-Хашамдын апасы Валентина Барабаш президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жазган. Ал президенттен кызынын ишине кийлигишип, мыйзамдуулукту камсыздоону суранган. Ошондой эле, Ксениянын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчүн билдирген.

«Ксения бардык сурактарга барып жүргөн, паспортун өзгөрткөн эмес, ушул жерде эки баласын тарбиялап, мени багып жатат. Эгерде тергөө мыйзамдуу жүрүп жатса, үй камагына чыгарып деле тергөөнү уланта берсе болот», — деп суранган Валентина Барабаш.

Мындан тышкары, Ксения Барабаш-Хашамды парламенттин депутаты Наталья Никитенко дагы колдоп чыккан.

Ксения Барабаш-Хашамдын иши

22-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Gata Havayolları ve Taşımacılık A.Ş. түрк компаниясынын филиалынын директору Ксения Барабаш-Хашамды бир айга Бишкек шаарынын ТИЗО-1не киргизүү өкүмүн чыгарган.Барабаш-Хашам «Манас» аэропортунда түрк компаниясына мыйзамсыз жеңилдиктерди берүү иши боюнча 20-апрелде кармалган.

Түрк элчилиги бул иш боюнча шектүүнү камакка албай туруп иликтөөнүн жүргүзүлүшүндө көмөктөшүүнү өтүнүп, Кыргызстандын ТИМине кайрылуу жолдогон. Кайрылууда Ксения Барабаш-Хашамдын ден соолугу начар экени, ошондой эле кичине балдары бар болгондуктан, качып кетүү тобокелчилиги жок экени белгиленген.

GATA компаниясынын өзүндө билдиришкендей, мурдараак ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү түрк компаниясынын президентине бул иш боюнча кармалгандар күнөөнү мойнуна алып, чыгымды төлөп берүүгө даяр деп маалымдаган. Ал Барабашты камайм, «андай болсо, ал басым алдында каалагандай көрсөтмө жазып берет» деп коркуткан.

Буга чейин Барабаш ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жана Транспорт прокуратурасы тарабынан бир нече жолу суракка чакырылган.

Компаниядан тергөөчүлөр шектүүгө кысым көрсөтүп, «Манас» аэропорту тарабынан түрк компаниясына жеңилдик берилгенде 12,1 млн доллар зыян келтирилген деп айтып жатышканын белгилешкен. Тергөө GATA күнөөнү мойнуна алып, чыгымды төлөп беришин каалаган.

Дагы окуңуз: Түрк фирмасынын филиалынын мүдүрү бир айга ТИЗОго камалды. Эмне болуп жатат?