COVID-19: Коронавирусту жуктурган 7 бейтап каза болду, жаңы 397 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 5-майда коронавирустун жаңы 397 учуру катталгандыгын маалымдашты. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 321, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 76.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 210;

Чүй облусунда — 130;

Ош облусунда — 9;

Ысык-Көл облусунда — 19;

Ош шаарында — 5;

Жалал-Абад облусунда — 9;

Баткен облсусунда — 4;

Нарын облусунда — 11.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 96 958ге жетти.

Ал эми акыркы суткада 248 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 151, Чүй облусунда — 59, Ош шаарында жана Нарын облусунда — жетиден, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында — төрттөн, Ысык-Көл облусунда — он бир, Талас облусунда — бир бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 90 394 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 563 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 397 киши оор, 70 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 378 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 016.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда — үчтөн жана Ош шаарында — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 637 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 11 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Бишкек шаарында — алты, Чүй обулсунда — үч, Ысык-Көл облусунда — бир медиктен коронавирус катталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 468ге жетти, анын ичинен 4 391 медкызматкер илдеттен айыкты.