Батукаевдин абактан бошотулушу. Салянованын иши Биринчи май райсотуна өттү

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 7-майда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча соттук отурум өттү.

Бул сотто экс-прокурор Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши каралды. 24.kg басылмасы билдиргендей, отурумда Свердлов райсотунун судьясы Салянованын ишин башка сотко өткөрүүнү сунуштаган.

Судья экс-башкы прокурордун ишин Батукаевдин бошотулушу боюнча негизги иш менен бириктирүү үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберүүнү сунуштады. Бирок Салянованын жактоочусу Рабига Садыкова сот процессти аяктоо алдында тургандыктан бул сунушка макул эместигин айткан.

Бирок судья Салянованын ишин Биринчи май райсотуна жөнөтүп, негизги иш менен бириктирүү чечимин кабыл алды.

Мындан тышкары, Салянова бозгун президенттин уулу Максим Бакиевдин адвокаты — Алексей Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узартуу ишинин фигуранты экени дагы белгилүү. Жогорку соттун басма сөз кызматы аталган иш азыркы учурда Ленин райондук сотунда кайрадан каралып жатканын «Клооптун» кабарчысына билдирген. Мындай чечим Жогорку сот тарабынан 2021-жылдын март айында кабыл алынган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу иши боюнча айыпталгандардын бири — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Атамбаевге карата кылмыш ишинин материалдары Жогорку Соттун 2020-жылдын ноябрь айындагы чечими менен Биринчи май райсотуна кайрадан кароого жөнөтүлгөн.

Бул иш боюнча башка аткаминерлер да фигурант болуп өтүп жатышат. Алардын арасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, ошондой эле экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов дагы бар.

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде 2-13-жылы бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Дагы окуңуз: Батукаевдин бошотулушу тууралуу ишти кантип Атамбаев менен байланыштырышууда. Түшүндүрөбүз