Өлкөдө коронавирустан беш киши каза болуп, 254 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 10-апрелде өлкөдө коронавирустун 254 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 195;

Чүй облусунда — 25;

Ысык-Көл облусунда — 17;

Нарын облусунда — 4;

Жалал-Абад облусунда — 9;

Ош шаарында — 3;

Ош облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 257 бейтап айыгып, беш киши дүйнө салды. COVID-19дан каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында жана экөө Чүй облусунда катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 98 654кө жетти. Оорудан 91 816 бейтап айыгып, 1 660 киши көз жумду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.