COVID-19: Коронавирусту жуктурган 7 бейтап каза болду, жаңы 379 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов

Республикалык штабдан 11-майда коронавирустун жаңы 379 учуру катталгандыгын маалымдашты. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 297, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 82.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 240;

Чүй облусунда — 103;

Ош облусунда — 1;

Ысык-Көл облусунда — 13;

Ош шаарында — 5;

Баткен облсусунда — 5;

Жалал-Абад облусунда — 1;

Талас облусунда — 2;

Нарын облусунда — 9.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 99 033кө жетти.

Ал эми акыркы суткада 304 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 191, Чүй облусунда — 75, Ош шаарында — 5, Ош облусунда — 3, Нарын облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 17 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 92 120 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 703 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 447 киши оор, 95 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 514 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 223.

Мындан сырткары, Бишкек шаарында — беш жана Чүй жана Ысык-Көл облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 667 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 10 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Бишкек шаарында — 4, Ысык-Көл жана Чүй обулстарында — үчтөн медиктен коронавирус катталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 505ке жетти, анын ичинен 4 440 медкызматкер илдеттен айыкты.