Виктория Мозгачёва Чыныбаеванын ордуна Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Виктория Мозгачёва Бишкек мэринин социалдык саясат боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу 10-майда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Мозгачёва 2020-жылдын 28-июлунан 27-октябрына чейин ушул кызматты аркалаган болчу.

Буга чейин Айжан Чыныбаева бул орундан бошотулган. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.

Мозгачёва кызматка дайындалганы жөнүндө 24.kg маалымат агенттигине комментарий берген. Анын айтымында, «эч качан шаардан жана ага жардам берүүдөн» баш тартпагандыктан вице-мэрликти аркалоого макулдугун берген.

«Мындан ары да иштей беребиз, буга чейинки вице-мэр жана калаа башчынын командасы баштап кеткен иштерди аягына чыгарабыз. Бишкектеги эпидабал кайрадан курчуп кетти. Мурда дагы абал оорлогондо мени дайындашкан», — деп билдирген Виктория Мозгачёва.

Ал мэрдин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев дайындалган күнү кызматын тапшырганын да эскерип өттү.

«Ишин кызматтан алуу менен баштады, бул белгилүү бир деңгээлде протест дагы болчу, бирок ал деле кет деп айтты. Азыркы жетекчи менен вице-мэр кызматы тууралуу сүйлөшө баштаганда тааныштык. Буга чейин тааныш эмес болчубуз, иштеше алабыз деп ойлоп жатам», — деп белгилеген Виктория Мозгачёва.

Виктория Мозгачёва Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер болгон. «НДПК» партиясынын катарында, №3 болуп катышкан.

Чыныбаева менен Кудайбергеновдун чатагы

Буга чейин Айжан Чыныбаева өзүнүн инстаграмы аркылуу кызматын тапшырып жатканын кабарлаган.

«Мага кыйкыра берсе, иштей албайм. Мэриянын бардык кызматкерлери жумуштан айдап салат деп чогулуштардан коркуп отурушат. Мен муну туура эмес деп эсептейм», — деп белгилеген ал.

Аткаминердин айтымында, ал шардын мэри Бактыбек Кудайбергеновдун акыркы бир канча айдан берки орой мамилесинен улам нерв системалары козголуп, ооруканада дарыланууда.

Борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматы Чыныбаеванын билдирүүсүнө дароо жооп кайтарган.

«Биз социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары кызматы жооптуу, эмоционалдык жактан оор экенин түшүнөбүз. Социалдык багыт менен кошо, Айжан Адамкалыевна борбордогу коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүнү дагы тескейт. Ал тургай, вице-мэр азыркы күнгө чейин Баткен облусуна гуманитардык жардам чогултуу жана жөнөтүү иштеринин активдүү мүчөсү экенин белгилеп кеткибиз келет. Биз кесиптешибиздин туруктуулугун жана өз ишине берилгендигин жогору баалайбыз», — деп айтылган ведомствонун билдирүүсүндө.

Басма сөз кызмат вице-мэрдин барагындагы видеону «жалпы эл үчүн оор мезгилде көкүрөккө батпай кеткен ызаны сыртка чыгаруу» деп баалаганын да билдирген.

Айжан Чыныбаева деген ким?

Айжан Чыныбаева 2020-жылдын октябрынын аягында Бишкектин вице-мэри болуп шайланганга чейин активист жана саясатчы катары таанымал болчу. Ал Борбор Азиядагы Америка Университетинде «Бизнести башкаруу» багытында билим алган. Кыргызстандын консулдук клубдарынын президенти болгон жана Кыргызстандагы Let’s Do It эл аралык экологиялык кыймылын жетектеген.

Парламенттин жетинчи чакырылышына Чыныбаева «Бир Бол» партиясынан аттанган. Айрым маалыматтарга ылайык, анын күйөөсү Арсланбек Кененбаев Максим Бакиевдин аялы Айжан Кененбаеванын бир тууганы болушу мүмкүн. Мындан тышкары, Чыныбаева коомчулукта экс-президент Роза Отунбаеванын жээни деп да айтылып жүрөт.

Айжан өзү мындай билдирүүлөрдү «саясий компроматтардын согушу» деп атаган. Анын айтымында, Отунбаева жана Бакиев менен болгон тууганчылык байланыштар боюнча божомолдорду он жылдан бери жазып келишет — «бул эскирген, тамтыгы чыккан окуя».

Муниципалдык кызматка келгени Чыныбаева Бишкек шаарынын аймагында, өлкөдөгү алгачкы аялдар үчүн муниципалдык кризистик борбор ачканы менен эсте калды.

Ошондой эле, ал жергиликтүү тургундарга «өзүңөр жараткан балдарга жоопкерчилик ала албасаңар эмнеге төрөдүңөр» деп айткан чиновник катары шаардын тарыхында калды. Бишкектеги мектеп окуучуларынын ата-энелери муниципалитеттин өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугуп, пандемия башталгандан кийин мамлекеттик мектептер менен бала бакчаларды оффлайн-окууга өткөрүүнү талап кылышкан.

Алар бир жылдан ашкан онлайн окуудан улам жаш балдардын ден-соолугу начарлай баштаганы тууралуу айтышкан. Бирок жоолугушуулардын биринде вице-мэр ата-энелердин бирине орой жооп кайтарып, сүйлөтпөй койгон.

«...Баарына өзүңөр жооп бересиңер. Бул силер жараткан балдар, алар үчүн жоопкерчиликти ала албасаңар эмнеге төрөдүңөр?» — деп жоопту укпастан жооп берген Чыныбаева.

Вице-мэр кийинчерээк анчейин туура эмес сөз айтып алганын танбасын, бирок анын айткандарын «контексттен сууруп» алышканын белгилеген.