Ысык-Көл облусунун жаңы жетекчиси Мирбек Кожоев тууралуу эмне белгилүү?

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Кожоев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Ал эми мурдагы облус башчысы Элчибек Жантаев Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Аймактык өнүгүү боюнча агенттиктин директору болуп дайындалды. Жантаев Ысык-Көл облусунун башчысы болуп 2020-жылдын ноябрында келген. Ал бул кызматка келгенге чейин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген.

Кожоев 1982-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Ал буга чейин президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. 2006-2010-жылдары Ысык-Көлдүн губернатору Кыдыкбек Исаевдин жардамчысы, 2016-жылы Ысык-Көл обладминистрациясынын аппаратынын башчысы болгон.

Кожоев 2018-жылкы декларациясында бир жылда 814 миң сом иштеп таап, 300 миң сом чыгашасын көрсөткөн. Мындан сырткары 80 чарчы метрлик үйүн, сегиз гектарга жакын жерин, 350 миң сомго бааланган «Тойота Королла» үлгүсүндөгү автоунаасын жана 180 миңге бааланган жылкылары бар экенин билдирген.