COVID-19: Коронавирусту жуктурган 8 бейтап каза болду, жаңы 283 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 12-майда коронавирустун жаңы 283 учуру катталгандыгын маалымдашты. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 226, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 57.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 158;

Чүй облусунда — 75;

Ысык-Көл облусунда — 18;

Ош шаарында — 14;

Жалал-Абад облусунда — 5;

Талас облусунда — 3;

Нарын облусунда — 10.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 99 316га жетти.

Ал эми акыркы суткада 289 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 197, Чүй облусунда — 52, Ош, Талас жана Ысык-көл облустарында — бештен, Нарын облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 1 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 92 409 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 755 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 447 киши оор, 89 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 514 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 159.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — беш жана Чүй облусунда — үч COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 675 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 6 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Бишкек шаарында — 4, Ысык-Көл жана Чүй обулстарында — бирден медиктен коронавирус катталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 511ге жетти, анын ичинен 4 446 медкызматкер илдеттен айыкты.