БШКнын мүчөлөрү: «Ошто аткаруу бийлигинин баары мэрдин көзөмөлүндө»

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 11-майдагы жыйынында шайлоодогу мыйзам бузууларды карап чыгып Ош шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды. Ага чейин БШКнын жумушчу тобу Ош шаарындагы шайлоону жараксыз деп табууну сунуштаган болчу.

Жыйында Ош шаарындагы шайлоодо административдик ресурс колдонулганы, добуштарды сатып алынганы, белгиси бар беткаптар таратылганы, массалык каттоолор болгону айтылды. Анткен менен ИИМдин өкүлдөрү катталган иштердин көбү Ош ШИИБи тарабынан кыскартылганын билдиришкен.

Мисалы добуштарды сатып алуу боюнча 12 арыз келип түшсө, анын ичинен бир факт боюнча гана сотко чейинки өндүрүш ачылган. Ал эми Ош ШИИБдин тергөө кызматы жалпы алты ишти тергелип жатканы кабарланды.

«Массалык каттоо боюнча бир иш, имараттан сырткаркы шайлоо боюнча төрт иш, добуштарды сатып алуу боюнча бир иш тергелип жатат. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан талапкер болгон Болот Баетов боюнча иш Жоруктар кодекси менен тергелип жатат», — деди ИИМдин өкүлү.

*Оштун АШКсы «Ата-Журт Кыргызстандын» эки талапкерине эскертүү берген. Алардын бири Болот Баетов шайлоо күнү №5279 участкасына кирип жүргөн, ал эми Чыңгызтөрө Жолонов 10-апрелдеги көчмө добуш берүүдө шайлоочуларды өзүнүн унаасында ташып жүргөнү аныкталды — көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

«Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга» шектелгендердин арасында Ош шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын башчысы Эркин Аралиев дагы бар. Ал шайлоо күнү учасканын ичинде «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына үгүттөп, участкалык шайлоо комиссиясынын жана байкоочулардын ишмердүүлүгүнө кийгилишкени айтылды.

ИИМдин өкүлү алгач бул факт «тастыкталбагандыктан» иш кыскартылып кеткенин, бирок БШКнын жыйынында бул тууралуу тасма көрсөтүлгөндөн кийин текшерүү кайра жанданганын билдирди.

«Ошто аткаруу бийлигинин баары мэрдин көзөмөлүндө»

Таалайбек Сарыбашов

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бахтияр Кадыров ИИМдин өкүлүнөн алар Ош ШИИБинин чечимдерине ишене алабы деген суроону узатты. Ал Оштун милициясынын чечимдери ИИМ тарабынан текшерилгенин кабарлап, бардык чечимдер негиздүү жана мыйзамдуу болгону тууралуу корутунду чыгарылганын кабарлады.

Ал эми Кадыровдун кесиптеши Гүлнара Журабаева Оштун тургундары милициянын чечимдерине ишене алабы деген толуктоочу суроону берди. Бирок ИИМдин өкүлү бул суроого так жооп бере алган жок.

БШКнын башка мүчөсү Кайрат Осмоналиев Ош шаардык милициясынын жана прокуратурасынын иши шек жаратарын билдирип, эмне үчүн борбордук бийлик тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн эмес деп нааразы болду.

Осмоналиев, өз сөзүндө Ошто аткаруу бийлигинин баары «мэрдин көзөмөлүндө» деди.

«Жергиликтүү милиция жергиликтүү прокуратура тарабынан текшерилип жатканда объктивдүү баа берилди деп айта алабызбы? Алар бирге чай ичишет, бирге “мэр эмне дейт” деп карап отурушат, ошондой бу? […] Бир эле жооп болду — номенклатурдук иш. [Арыздарды] номенклатурдук иштерге чыгарып салган Ош ШИИБинин кызматкерлеринин үстүнөн даттанууларды текшерген Оштун прокуратурасы ишти объективдүү карады деп айта алабызбы?» — деп сурады Осмоналиев.

*Укук коргоо органдары арыз боюнча текшерүү жүргүзүп, бирок мыйзам бузууну аныктабаганда ал «номенклатурдук ишке» чыгып кетет.

ИИМдин өкүлү Ош шаардык прокуратурасы көз карандысыз орган болгонун белгилеп, алар корутундусун «расмий жазуу түрүндө» чыгаргандыктан аларга ишенбөөгө негиз жок деп билдирди.

Ал эми БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов буга чейин «номенклатурдук ишке» чыгып кеткен Эркин Аралиевдин ишин эскертти. Аралиевдин иши алгач кыскартылып, бирок текшерүүдөн кийин кайрадан жанданган.

«Башкача айтканда, сиздер кабыл алган чечимдерди прокуратура туура, мыйзамдуу экенин белгиледи, текшерүү жүргүздү. Андан кийин видеону көргөндө — мен азыр сиздин сөзүңүздөрдү улап эле айтып жатамын — видеону көргөндөн кийин сиздер ал ишти кайра ачып карап изилдеп баштадыңыздар», — деди Бекматов.

ИИМдин өкүлү бул иштер боюнча чечимдер бир күндүн ичинде кабыл алынгандыктан «мындай мүчүлүштүктөр» жаралганын айтты.

Бекматов Ош шаарындагы 27 шайлоо участкаларындагы жыйынтыктарды жокко чыгарууну сунуштады. БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү бул сунушту колдоп, натыйжада Ош шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылды.

Мындан сырткары БШК президент Садыр Жапаровго Ош шаардык кеңешине шайлоону кайра дайындоо тууралуу кайрылат. Ошондой эле, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгондорду шайлоого катыштырбоо жана Ош боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин каралары айтылды.