Президент Орозодо өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар болгонун айтты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 13-майда кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Анда ыйык айда өлкөнүн бүтүндүгүнө, коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар болгонун белгиледи.

«Ыйык Орозо айында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар болуп өттү. Балким мында Жараткандын бир жакшылыгы болсо керек, балким бул ыймандын, бекемдиктин жана Кудайга болгон ишенимдин сыноосудур. Элибиздин айкөлдүгү, кайраттуулугу, кыраакылыгы, кайрымдуулугу, мекенчилдиги мындай кырдаалда тирек болуп берет деп терең ишенем», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Президент бул жолку майрам дагы коронавирус инфекциясынан улам аргасыздыктан чектөөлөр шартында өтүп жатканын белгиледи.

Быйыл дагы айт намазы борбордук аянттарда окулган жок. Анткени эпидемиологиялык кырдаалдан улам жергиликтүү бийлик буга уруксат берген жок. Анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясы дагы бар. Анткен менен айт намаздары бүгүн, 13-майда, өлкөнүн бардык мечиттеринде окулду. Кыргызстанда быйыл Орозо 13-апрелде башталган.