Баткен ОИИБи: Кыргыз-өзбек чек арасындагы чырда үч кыргыз жараны сабалды

Кыргыз-өзбек чек арасында болуп өткөн окуяга байланыштуу чогулгандар. Сүрөт: Баткен ОИИБи

Баткен ОИИБиден кыргыз-өзбек чек арасында чыккан чырга өзбек жарандарынын малдары чек арадан өтүп кеткендиги себеп болгонун билдиришти. Милиция жаңжалга байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Окуя 13-майда Баткен районунун Сай айылы менен Өзбекстандын Сох анклавынын чектешкен аймагында саат 11:20 чамасында орун алган.

«Сай айылынын 50 жаштагы тургуну малдын ээлерине малдарын алып кетишин айтканда, Сох анклавынын 5-6 тургуну топтолуп келип, үч кыргыз жаранын уруп, денелерине жаракат келтиришкен. Андан соң жергиликтүү 50-60 тургун аталган жерге чогулушкан», — деп билдиришти милициядан.

Окуя болгон жерге эки өлкөнүн күч түзүмдөрү, жергиликтүү милиция жетекчилери келип жолугушуп, тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Андан соң өзбек тарап кечирим сурап, элдешүүнү суранышкан.

Аталган факты КЖБРге «Ден соолукка зыян келтирүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ал эми денесинен жаракат алган кыргызстандыктарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Ошондой эле, милициядан аталган окуяга нааразы болгон Сай жана Бирлик айылынын тургундары Кадамжай районундагы Айдаркен шаардык борбордук аянтына чогулушканын кошумчалашты. Алар жергиликтүү бийликтен чек араны тактоону талап кылышкан.

Чогулгандарга Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров, Кадамжай РИИБнин башчысы Орунбай Кочкоров, Баткен РИИБнин башчысы Алмазбек Шагамурзаев жана Айдаркен шаарындагы чек ара отрядынын командирлери чыгып окуя боюнча маалымат беришкенден кийин, чогулгандар таркаган.

Буга чейин 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен чечилгенин маалымат жыйында билдирген. Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация 24-25-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

УКМКнын башычысы Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген чек ара боюнча маселелерди чечүү боюнча комиссиялар Ташкентте эки тараптуу протоколго кол коюшкан.

Кабыл алынган протоколдор боюнча Кыргызстандын жер-жерлеринде нааразачылыктар жаралып, айрыкча кыргызстандыктар «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгиндеги 50 гектар жерди коңшу өлкөгө бербөөнү жана протоколду жокко чыгарууну талап кылышкан. Андан соң Ташиев Ташкентке кайра барууну убадалап, «Кемир-Абад» суу сактачынын жээгинен жер Өзбекстанга берилбейт деген.

Тема боюча:

Баткен: Кыргыз-өзбек чек арасында чогулгандар тарады, абал туруктуу