Кыргызстандын тактан кулатылган экс-президенти Курманбек Бакиев чек ара жаңжалында жабыркаган Баткендин жашоочуларына 4 млн сом акчалай жардам бергени тууралуу Шамурза Бөрүкулов аттуу жаран Фейсбук барагына жазды.

*2019-жылдын июль айында түзүлгөн Шамурзы Бөрүкуловдун аккаунтунда өзүнүн сүрөтү жок. Ал интернетте Курманбек Бакиевди жактайт. Бөрүкулов Садыр Жапаровдун демилгесин коргоп, анын каршылаштарын сындайт. Ошондой эле иликтөөчү-журналисттердин, Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрүнүн жана активисттердин дарегине жек көрүүчү билдирүүлөрдү жазат.

Бирок Баткен облусунун жетекчилиги «Бакиевдин гуманитардык жардамынан» кабары жок.

«Жок, мындай маалыматты мен ырастай албайм, анткени [акча] биз аркылуу өткөн жок. Балким алар өздөрүнүн каналдары аркылуу иштеген: өздөрү алып келип тараткан чыгаар. Биздин эсепке же биздин жетекчиликке акча түшкөн эмес», — деген пикирин «Клоопко» Баткен облустук администарциясынын өкүлү Чолпон Бердикулова билдирди.

Бакиев 2010-жылы бийликтен кулатылгандан кийин Беларуска качкан, ушул кезге чейин ал жакта жашайт. Өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү коррупция, киши өлтүрүү жана миллиондогон долларды адалдоого айыпталган.

Бакиевдерге коюлган айыптар?

Бакиев жана анын туугандары төмөнкү кылмыштарга айыпталууда.

  • «Жерүй» алтын кенин иштетүүдөгү жана аны үчүнчү тарапка сатуудагы өзгөчө артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу;
  • «Азия универсал банктан» жана Кыргызстандын Социалдык фондунан 2 млрд сомдон ашык акчаны менчиктеп алуу;
  • «Ысык-Көл» компаниясынын 20% акциясын сатууга мажбурлоо;
  • Максим Бакиев жана ага жакын адамдардын Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан «Учкун» басмаканасынын жанындагы 904,6 м² имаратты жана 0,385 га жерди мыйзамсыз менчиктеп алууга;
  • «Азия универсал банк» жана Кыргызинвестбанк аркылуу арам акчаны адалдоо;
  • «Манас Банк», «Киммел», «Мавал Актив» компаниялары аркылуу чет элдик жарандардын кылмыштуу жол менен табылган арам акчасын адалдоо;
  • 2010-жылы 7-апрелде Бишкектин Ала-Тоо аянтында нааразылык митингине чыккан адамдарга ок атуу. 

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштар үчүн Курманбек Бакиев сыртынан айыпталып, 30 жылга эркинен ажыратылган жана издөө жарыяланган.

Марат, Максим, Жаныш жана Курманбек Бакиевдер сыртынан айыпталып соттолгон жана КМШнын аймагында мамлекеттер аралык жана Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө берилген.

Бирок 2021-жылдын 11-майында Каныбек Бакиевге карата Жалал-Абад шаардык жана Жалал-Абад облсотунун өкүмү жокко чыккан. Ал Кыргызстандын тактан кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин бир тууганы.

Каныбек Бакиевге карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишти прокуратуранын талабы боюнча жаңы кароого жиберилген.

Садыр Жапаров президенттик шайлоонун үгүт иштери учурунда эгер «эл кечирсе» бозгун президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүүгө убада берген. Жапаров Бакиевдин бийлиги учурунда анын кеңешчиси жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссар болгон. Ал Коррупциянын алдын алуу агенттигин жетектеген. Бакиевдердин бийлиги басып алуулар, коркутуулар жана журналисттердин өлүмү менен элдин эсинде калган.

Жапаровдун айтымында, анын коррупцияга каршы күрөшүүгө укугу болгон эмес.

«Аталышы эле ошондой, бирок ыкчам кызмат, тергөө сыяктуу эч кандай укуктар болгон эмес. Болгону компьютерден гана мониторинг жасачу. Анан кантип коррупцияга каршы күрөш болот? Өкмөттүн мүчөсү болгон эмесмин. Мыйзам боюнча, өкмөттүн ар бир мүчөсүнө макулдашууга документтер келет, бирок бизге андай келчү эмес. Керек болсо маалымат дагы келчү эмес», — деген пикирин 2021-жылы айткан.

Элиттик шаарча, агрокорпорация жана Суррейдеги хан сарай

Курманбек Бакиев иштебей турганын, керек болсо жарандык никедеги аялынын эсебинен жашарын айтып келет. Бирок Беларустун иликтөөчү-журналисттер башкача ойдо.

Алардын айтымында, Бакиев жана анын үй-бүлөсү кымбат баалуу БНБК агрокорпорациясынын артында турат. Аны бозгун президенттин тарапташы, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов башкарат.

Үсөнов Беларуста атын Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган, ал эми Кыргызстандын экс-премьер-министри 2017-жылы Малайзияда каза болуп калганын айткан. Анткен менен Беларустун президенти Александр Лукашенко ага эл алдында Данияр деп кайрылган.

Бозгун президенттин иниси Жаныш Бакиевдин баласы Асылбек Салиев БНБК компаниясынын 22,5% үлүшүнө ээлик кылат.

Бул Бакиевдердин кланы менен байланышы бар делген Буларустагы жалгыз ири бизнес эмес. Беларус журналисттери Минсктеги казино, көңүл ачуучу борбору, рестаран жана барлары бар Centropol элиталык комплексине Кыргызстандын мурдагы президентинин үй-бүлөсүнүн тиешеси бар деп эсептешет. Анын курулушуна 80 миллион долларга чукул каражат жумшалган.

Комплексти «Гермес Констракшн» компаниясы курган. Ал башка компанияга — D-Business Solutions Limitedге тиешелүү, бул компания өз учурунда дагы башка үч компанияга тиешелүү, алардын арасында Forpaton Resource LP. Forpaton Resource LP дагы бар. Ал Шотландияда катталган, бирок Беларустун жараны Руслан Петров — же Руслан Бакиевге, тагыраагы Курманбек Бакиевдин небересине таандык.

Руслан Бакиев-Петров

Курманбек Бакиев Кыргызстандан качып кеткен соң, алгач «Плавно» президенттик резиденциясында жашаган, андан кийин ал Минсктеги «Дрозды» элиталык районуна көчүп, 2017-жылы болсо качкын президенттин Минсктеги «Лебяжий» элиталык районуна үй курганы белгилүү болгон.

2020-жылдын июнь айында Лукашенко Курманбек Бакиевге жалпы аянты 70 сотых жерди «өмүр бою жана мураска өткөрүү» мүмкүнчүлүгү менен берген — 45 сотых участогу президенттин «Заславль-2» резиденциясына чукул жерде, жана экинчи 25 сотых жер жанаша участокто.

Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат — «Руслан Петровдун» атасы — Раубичи элиталык айылында жашап жүргөнү белгилүү. Кыргызстанда Марат Бакиев сыртынан 22 жылга эркинен ажыратылган.

Марат Бакиевдин Раубичи айылындагы үйү.

Беларус ЖМКлары Марат Бакиев аялынын Кипрдеги компаниясы аркылуу Минск шаарынын четиндеги клубдун бирине ээлик кыларын жазышкан. Алардын маалыматына ылайык, атайын кызматтын мурдагы кызматкери Беларус шекерин Кыргызстанга ташууга дагы катыштыгы болгон.

Суррейдеги хан сарай

Наркы ондогон миллион долларды чапчыган мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө күнөөлүү деп табылган Максим Бакиев Улуу Британияда жашайт. Анын карамагында Суррей графтыгында орун алган беш миллион долларлык хан сарайы бар. Андан тышкары джиу-джитсу боюнча таймаштарга катышып турат.

Максим Бакиев

Бакиевдин фейктери Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдоп жатышат — Temirov LIVE

Бакиев жөнүндө сюжет: телеканалдардын түшүндүрмөсү жана көрүүчүлөрдүн реакциясы

2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмашуу: бардык материалдар