Бозгун президенттин иниси Каныбек Бакиевдин иши кайра кароого жөнөтүлдү — Жогорку сот

Жалал-Абад шаардык сотунун жана Жалал-Абад облустук сотунун Каныбек Бакиевге карата өкүмдөрү жокко чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Каныбек Бакиев Кыргызстандын бозгун президенти Курманбек Бакиевдин иниси.

Каныбек Бакиевге карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши прокуратуранын өтүнүчү менен кайра кароого өткөрүлдү.

«Кылмыш ишинин материалдары толук изилденбегендигине, процессуладык мыйзам бузууларга байланыштуу иш Жалал-Абад шаардык сотуна кайра кароого жөнөтүлдү», — деп түшүндүрүштү Жогорку соттон.

Ошондой эле, Жогорку сотко мурдагы президенттин инисинин адвокатынан арыз келип түшкөн. Ал Каныбек Бакиевди актоону талап кылган.

«Адвокаттын Бакиев Каныбек Салиевчи толугу менен актоо тууралуу арызы канааттандырылган жок», — деп жыйынтыктады Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Каныбек Бакиевдин иши

Каныбек Бакиевдин бир нече кылмыш ишке катыштыгы бар. Ал эми кайра кароого болсо «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши жөнөтүлдү.

Бакиев Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагынын башчысы жана жер бөлүштүрүп берүү боюнча комиссияны жетектеп турган убагында жерди мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталган.

2020-жылдын март айында Жалал-Абад шаардык соту Бакиевди 6 жылга эркинен ажыраткан, ал эми кийинки инстанция бул өкүмдү 4 млн сомдук өкүмгө алмаштырган.

Андан тышкары, Каныбек Бакиев 2010-жылдагы апрель революциясына катышкандыгы үчүн изделип жаткан — тергөөнүн версиясы боюнча, ал тактан кулаган агасын колдоо максатында мыйзамсыз куралдуу топторду уюштурууга аралашкан. Алар Убактылуу өкмөткө каршы чыгышкан.

Бозгун президенттин инисине карата «Мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага катышуу», «Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү», «Кызмат адамынын наамын же бийлигин өзү билип ыйгарып алуу», «Массалык башаламандыктарга катышуу», «Бийликтин өкүлүнө карата зомбулук колдонууга катышуу» беренелери боюнча айыптар тагылган.

Бакиев кланынын башка өкүлдөрү сыяктуу эле, Каныбек Бакиев өлкөдөн чыгып кеткен. Башкы прокуратура 2020-жылы Каныбек Бакиевге издөө жарыяланганын, аны кайтарып келүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген.

«Азыркы учурда Курманбек Бакиевди жана анын туугандары Жаныбекти (Жаныш), Адилбекти, Маратты, Каныбекти, анан уулу Максимди жана башкаларды өлкөгө кайтаруу боюнча мажбурлоочу чараларды ишке ашыруу боюнча иш жүрүп жатат», — деп билдиришкен ведомстводон.