ИИМ Аспековдун билдирүүсүнөн кийин иликтөө баштады

ИИМдин басма сөз кызматы активист Мелис Аспековдун билдирүүсүнөн кийин иликтөө башталганын билдирди. Буга чейин президенттин мурдагы тарапташы экс-президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровго шайлоо үчүн 10 млн доллар бергенин айтып чыккан болчу.

«Акча каражатын [учурдагы президент] Кыргызстандын бардык облустарында шайлоо алдындагы үгүттөөгө коротконун билдирген. Мунун негизинде ал ишенимдүү адамдары тарабынан шайлоочуларды сатып алууну жүргүзүп келгенин дагы кошумчалаган», — деп келтирет ИИМ Аспековдун билдирүүсүн.

ИИМден билдиришкендей, иликтөө «Шайлоочуларга сатып алуу» беренеси боюнча башталган.

«Азыркы учурда жогорудагы фактылар боюнча зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Аспековдун билдирүүсү

12-майда Мелис Аспековдун баракчасында анын СИЗОдон жазган кайрылуусу жарыяланган. Ал кайрылууда Садыр Жапаров өзүнүн шайлоо алдындагы компаниясына Жээнбековдордун үй-бүлөөсүнөн $10 млн алгандыгы айтылган.

Билдирүүсүндө ал Жапаров Жээнбековдорду эч качан камабасын, себеби учурдагы президент алардан «пара» алган деп белгилеген.Аспековдун айтымында, Жапаров Чүй облусу боюнча шайлоо штабына 1 млн доллар берүүнү убада кылып, чыгымдарды көзөмөлдөө үчүн ага ишенимдүү адам керектигин айткан.

«Мен президент болбой калсам — бизди камайт. Биз биринчи турда утуп чыгышыбыз зарыл” деп [Садыр Жапаров] тапшырма берди [...] Садыр айткандай эле 1 млн доллар акча каражатын шайлоо учурунда үч бөлүп, өз колу менен Ала-Арача резиденциясында мага берди. Сөзүм куру болбошу үчүн ар бир райондун координаторлорунун паспорт көчүрмөлөрү менен, менден шайлоого алган каражаттарынын кол каттарын далил катары көрсөңүздөр болот», — деп айтылат катта.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек жана Жээнбековдун үй-бүлөөсүнүн жактоочусу Аспековдун арызын «жалган» деп айтышкан. Алар Аспеков опузалоо үчүн кармалгандыгын эскертишкен. Кочкоров Аспековду жалаа жапкандыгы үчүн сотко берүүнү көздөп жатканын билдирген.

Дагы окуңуз:

Мелис Аспеков: Жапаров президенттик шайлоого Жээнбековдордон 10 млн доллар алган

Мелис Аспековдун фейсбугундагы президент тууралуу маалымат өчүрүлдү

Байтерек Аспековдун айыптоолорун төгүндөдү, ал эми Жээнбеков активистти сотко берет