Байтерек Аспековдун айыптоолорун төгүндөдү, ал эми Жээнбеков активистти сотко берет

Галина Байтерек

Абактагы активист Мелис Аспековдун жарыяланган катынан кийин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек Аспековдун айыптоолорун төгүндөдү.

Басма сөз катчы Аспеков «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен акча опузалоого шектелип жатканын эскертти.

«Аспеков чуулгандуу жана жалган билдирүүлөрдү жасаганга көнүп алган, бирок бардык нерсенин чеги болушу керек. Калп жана жалаа жапканы үчүн ал мыйзам алдында жооп бериши керек. Өздөрүн олуттуу саясатчы деп эсептеген айрым ишмерлер бул окуяны өөрчүтүп, президент Садыр Жапаровду жана анын жүргүзүп жаткан реформаларын жаманатты кылууга аракеттенип, маалыматты манипуляция жасап жатканы өкүндүрбөй койбойт», — деди Байтерек.

Ал эми экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу Асылбек Кочкоров маалыматты «калп» деп, активистти сотко бере турганын билдирди.

«Бул билдирүү карандай калп, коомчулуктун көңүлүн өзүнүн ыплас иштеринен алаксытып, башка жакка бурууга жан далбас уруп жатканы кимге болбосун түшүнүктүү. Бул максатта Аспеков жалган билдирүү таратып, өлкөдөгү таанымал адамдардын ысымын колдонуу жолу менен элди алаксытууга аракет кылууда. Жалаа жапканы үчүн аны сотко беребиз», — деди Кочкоров.

Аспековдун фейсбук баракчасынан «Садыр Жапаров президенттик шайлоого Жээнбековдордон 10 млн доллар алган» деген кат 14-майга караган түнү жарыяланган болчу. Бирок аталган пост кийинчерээк өчүрүлдү.

Аспековдун кыйноого кабылышы

14-май күнү социалдык тармактарда Аспековдун УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганы туурасында маалымат жарыяланган. Анда да активисттин абакта жазган каты жана буттарынын көк-ала болгонун көрсөткөн сүрөттөрү тиркелген.

Аспековдун айтымында, бул аракеттер кызматтын жетекчиси Бекбосун Апсатаровдун буйругу менен Сыймык Жапыкеевге каршы «жалган көрсөтмө алуу үчүн» жасалган.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы Аспеков кыйноолорго кабылганын четке кагып, анын буттарындагы көк-алалар марттын башында, ал Биринчи май райондук сотуна бара жаткан учурда пайда болгонун билдиришти. Атайын кызматтын билдирүүсүнө ылайык, Аспеков «залал келтирүүнүн себебин айтуудан баш тартып», УКМКнын кызматкерлерине доосу жок экендигин билдирген.

Мелис Аспеков жана Улан Жураев 9-январда «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр «финансы полиция ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркуткан.

26-январда Улан Жураев тергөө менен кызматташууга макул болуп, үй камагына чыгарылган.