Мелис Аспековдун фейсбугундагы президент тууралуу маалымат өчүрүлдү

УКМКнын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспековдун фейсбук баракчасынан «Садыр Жапаров президенттик шайлоого Жээнбековдордон 10 млн доллар алган» деген каты өчүрүлдү. Аталган пост 14-майга караган түнү жарыяланган болчу.

Аспековдун ТИЗОдон 12-майда жазган катында Жапаров шайлоо компаниясына бир нече млн доллар жумшаганын айткан. Бирок, активисттин айтымында, бул акчалар расмий отчёттордо көрсөтүлгөн эмес.

«“Мен шайлоого Жээнбековдордон 10 млн доллар алдым” деп ачык эле айтты уялбай. “Аларды кама дегенди токтот, алардан башка ким бермек эле?” деп кайрадан менден сурайт. “7 дубанга 1 млн доллар кетти, Ысык-Көлгө 2 млн доллар бердим, өзүмдүн жеримен аз добуш алсам уят” болоорун айтты. “Бишкек менен Ошко 1 млн доллар бердим” дейт. “Ушинтип арам Жээнбековдордун акчасына президент болбой эле койсоң болмок” десем, “сен эмнени билесиң” деп менден качып баштады. Шайлоого аралашканыма абдан өкүндүм», — деп жазды Аспеков.

Ошондой эле Аспековдун катына Жапаровдун Чүй облусунда координатор болуп иштегени айтылган кишилердин паспортторунун көчүрмөлөрү жана тил каттары тиркелген. Алар «штабдын ишмердүүлүгүнө» Аспековдон 500дөн 162 миң долларга чейин акча алганы тууралуу тил кат жазышкан. Жалпысынан тил кат жазып бергендер 545 600 доллар алганын тастыкташкан.

*Аспеков өткөн жылдын ноябрь айында президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетектей турганын айткан. Бирок Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Боршайкомго кайрылып, Аспеков штабга расмий жана юридикалык жактан дагы тиешеси жок экенин билдирген. Анткен менен Аспеков Садыр Жапаровдун үгүт иш-чараларына катышып турган.

Ошондой эле, Аспеков Жапаров бозгун президент Курманбек Бакиевдин «койгон шарттарына баш ийип, алардан да каражат алды» деген маалыматтарды укканын кошумчалаган. Анын айтымында, эки тарап макулдашып, экс-депутат Искандер Гайпкуловду президенттик аппаратка дайындаган.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек жана экс-президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров Аспековдун айыптоолорун четке кагышты. Кочкоров активистти сотко берерин да айтты.

Аспековдун кармалышы

Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспеков жана «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Улан Жураев 9-январда «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр «финансы полиция ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркуткан.

Жапаров президенттик шайлоодо добуш берип чыгып, Аспеков тууралуу «ким болбосун [кылган иштери үчүн] жооп бериши керек» деген комментарий берген.

Көп өтпөй ЖМКларда Аспеков финансы полициянын төрагасы Сыймык Жапыкеевге 50 миң доллар берген деп көрсөтмө бергенин жазышкан. Бирок УКМК жана Аспековдун жактоочусу бул маалыматты төгүндөгөн. Ал эми Жапыкеев Аспеков менен «эч кандай мамилеси жок экенин» билдирген.

26-январда Улан Жураев тергөө менен кызматташууга макул болуп, үй камагына чыгарылган. Ал эми Аспеков март айында УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын билдирген.

Аспековдун айтымында, бул аракеттер кызматтын жетекчиси Бекбосун Апсатаровдун буйругу менен Сыймык Жапыкеевге каршы «жалган көрсөтмө алуу үчүн» жасалган.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы Аспеков кыйноолорго кабылганын четке кагып, анын буттарындагы көк-алалар марттын башында, ал Биринчи май райондук сотуна бара жаткан учурда пайда болгонун билдиришти. Атайын кызматтын билдирүүсүнө ылайык, Аспеков «залал келтирүүнүн себебин айтуудан баш тартып», УКМКнын кызматкерлерине доосу жок экендигин билдирген.

Жапыкеев өткөн жылдын октябрь айында бийлик алмашкандан кийин Каржы полициянын төрагасы болуп дайындалган, бирок ведомство Садыр Жапаров президент болуп, жаңы өкмөт түлгөндөн кийин жоюлуп кеткен. Кийинчерээк ал Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган. Бирок бир ай өтпөй кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.

Жапыкеев кызматтан кетерден мурда президент Садыр Жапаровдун бийлигин сындап, «президенттин кетирген каталары көп болуп кеткенин» билдирген. Жапыкеев президенттин коронавирусту «уу коргошун» менен дарылоо сунушун өзгөчө сынга алган.