Мелис Аспеков: Жапаров президенттик шайлоого Жээнбековдордон 10 млн доллар алган

Садыр Жапаров жана Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда

Активист Мелис Аспековдун фейсбук баракчасында анын УКМКнын ТИЗОсунан 12-майда жазган каты жарыяланды. Анда Аспеков өлкө башчысы Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана депутат Асылбек Жээнбековдон өзүнүн шайлоо кампаниясына 10 млн доллар алганын билдирген.

Активист өзү пара опузалоого шектелип беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып жатат. Буга чейин фейсбукта Аспековдун кыйноолорго кабылганы тууралуу маалымат тараган болчу. Анда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бекбосун Апсатаровдун тапшырмасы менен саясатчы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө алуу үчүн болуп жатканы кабарланган.

«“Ишенбеген адам турбаса акчанын дайынын таппай калабыз, керектүү добуш албасак, мен президент болбой калсам — бизди камайт. Биз биринчи турда утуп чыгышыбыз зарыл” деп [Садыр Жапаров] тапшырма берди. Мен макул болуп, дароо штаб ачып, керектүү кызматкерлерди жалдап, кеңсеге компьютер жабдыктарын алып, ар бир районго координаторлорду бекитип, миңдеген агитаторлорду тандап (тизмеси бар), кыскасы шайлоо башталышына толук даярдык көрүлдү», — деп айтылат катта.

Аспековдун фейсбугунда кат менен кошо Жапаровдун шайлоо штабында иштеген делген тогуз координатордун паспортторунун көчүрмөлөрү менен шайлоого байланыштуу акча алганы тууралуу тилкат да тиркелген. Алар «штабдын ишмердүүлүгүнө» Аспековдон 500дөн 162 миң долларга чейин акча алганы тууралуу тил кат жазышкан. Жалпысынан координаторлор 545 600 доллар алынганын тастыкташкан.

*Аспеков өткөн жылдын ноябрь айында президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетектей турганын айткан. Бирок Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Боршайкомго кайрылып, Аспеков штабга расмий жана юридикалык жактан дагы тиешеси жок экенин билдирген. Анткен менен Аспеков Садыр Жапаровдун үгүт иш-чараларына катышып турган.

Аспековдун айтымында, Чүй облусундагы үгүт иштерине берилген 1 млн доллар расмий отчёттордо көрсөтүлгөн эмес. Ал эми активист Жапаровдон бул акчанын келип чыгышын сураганда, ал Жээнбековдор шайлоого 10 млн доллар бергенин айткан деп жазган.

«“Мен шайлоого Жээнбековдордон 10 млн доллар алдым” деп ачык эле айтты уялбай. “Аларды кама дегенди токтот, алардан башка ким бермек эле?” деп кайрадан менден сурайт. “7 дубанга 1 млн доллар кетти, Ысык-Көлгө 2 млн доллар бердим, өзүмдүн жеримен аз добуш алсам уят” болоорун айтты. “Бишкек менен Ошко 1 млн доллар бердим” дейт. “Ушинтип арам Жээнбековдордун акчасына президент болбой эле койсоң болмок” десем, “сен эмнени билесиң” деп менден качып баштады. Шайлоого аралашканыма абдан өкүндүм», — деген Аспеков.

*Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына ылайык, Жапаров президенттик шайлоого 67 млн сом сарптаган.

Ошондой эле, Аспеков Жапаров бозгун президент Курманбек Бакиевдин «койгон шарттарына баш ийип, алардан да каражат алды» деген маалыматтарды укканын кошумчалаган. Анын айтымында, эки тарап макулдашып, экс-депутат Искандер Гайпкуловду президенттик аппаратка дайындаган.

*Гайпкулов 8-февралда президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Буга чейин ал «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңеште депутат болчу.

«Капа болгонум: Садыр Жапаровдун кожоюндары көбөйүп кетти. Мен болгонун болгондой айттым, эл ар дайым чындыкты билиши керек. Уландысы болот», — деп сөзүн аяктаган Аспеков.

«Клооптун» журналисттери Аспековдун жактоочусу Назира Абышкаева менен байланышууга аракет кылышты. Бирок ал телефон чалууга жооп берген жок. Ошондой эле, президенттин басма сөз катчысы Галина Байтеректен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Аспековдун кармалышы

Мелис Аспеков / Улан Жураев

Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспеков жана «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Улан Жураев 9-январда «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр «финансы полиция ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркуткан.

Жапаров президенттик шайлоодо добуш берип чыгып, Аспеков тууралуу «ким болбосун [кылган иштери үчүн] жооп бериши керек» деген комментарий берген.

Көп өтпөй ЖМКларда Аспеков финансы полициянын төрагасы Сыймык Жапыкеевге 50 миң доллар берген деп көрсөтмө бергенин жазышкан. Бирок УКМК жана Аспековдун жактоочусу бул маалыматты төгүндөгөн. Ал эми Жапыкеев Аспеков менен «эч кандай мамилеси жок экенин» билдирген.

26-январда Улан Жураев тергөө менен кызматташууга макул болуп, үй камагына чыгарылган. Ал эми Аспеков март айында УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын билдирген.

Аспековдун айтымында, бул аракеттер кызматтын жетекчиси Бекбосун Апсатаровдун буйругу менен Сыймык Жапыкеевге каршы «жалган көрсөтмө алуу үчүн» жасалган.

Жапыкеев өткөн жылдын октябрь айында бийлик алмашкандан кийин Каржы полициянын төрагасы болуп дайындалган, бирок ведомство Садыр Жапаров президент болуп, жаңы өкмөт түлгөндөн кийин жоюлуп кеткен. Кийинчерээк ал Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган. Бирок бир ай өтпөй кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.

Жапыкеев кызматтан кетерден мурда президент Садыр Жапаровдун бийлигин сындап, «президенттин кетирген каталары көп болуп кеткенин» билдирген. Жапыкеев президенттин коронавирусту «уу коргошун» менен дарылоо сунушун өзгөчө сынга алган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Сыймык сак бол». Активист Мелис Аспеков кыйноолорго кабылганы тууралуу маалымат тарады