Баткен милициясы тажик жарандары сабады делген үч кыргызстандыктын ишин териштирет

Баткен облусу. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Тажикстандын жарандары тарабынан кармалып, андан соң сабалды делген Ак-Сай айылынын үч тургуну боюнча текшерүүнү баштады.

Милициядан билдиришкендей, алгач 17-майда саат 11:00дөр чамасында кыргызстандыктар Тажикстандын эки жаранын «ар-намыска шек келтирген сөздөрдү айткандыктан» кармап алышкан. Ошол учурда аларга тажик чек арачысы келген, кыргызстандыктар аны да кармашкан.

Ал эми тажик тарап Ак-Сай айылынын үч тургунун Кишемиш жайлоосунан Hyundai Porter үлгүсүндөгү эки унаа менен келе жатканда Тажикстандын Ворух анклавынан кармап алышкан.

Андан соң Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары Hyundai Sonata жана Honda CR-V үлгүсүндөгү унаалары менен келе жаткан төрт тажик жаранын кармап алышкан.

Окуя болгон жерге Баткен ОИИБдин башчысы Мурат Боронов жана Баткен РИИБдин башчысы Алмаз Шагамурзаев келип чогулгандар менен жолугушкан.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Ак-Сай жана Ворух айылдарында кармалган эки тараптын үчтөн тургундары бошотулганы кабарланган болчу. Алар Баткен жана Согди облустарынын башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушкандан кийин коё берилген.

Баткен ОИИБден «тажик жарандары тарабынан сабалды» делген үч кыргызстандык Баткен шаарындагы облустук биргелешкен ооруканага жаткырылганын билдирди.

Аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Айжигитов «Азаттык» басылмасына тургундардын абалы «орто» деп бааланып жатканын белгиледи.

«Үчөөнүн баш мээси чайкалган, бети, көкүрөк булчуңдарынан жарадар болушкан. Азыр абалдары туруктуу. Тийиштүү медициналык жардамды алып жатышат», — деди Айжигитов.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасы: эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулду