COVID-19: Коронавирусту жуктурган 8 бейтап каза болду, жаңы 259 учур катталды

Иллюстративдик штаб

Республикалык штабдан 17-майда коронавирустун жаңы 259 учуру катталгандыгын маалымдашты. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 182, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 77.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 161;

Чүй облусунда — 44;

Ысык-Көл облусунда — 24;

Ош шаарында — 1;

Жалал-Абад облусунда — 10;

Талас облусунда — 5;

Нарын облусунда — 14.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 100 732ге жетти.

Ал эми акыркы суткада 284 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 194, Чүй облусунда — 51, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында — экиден, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусу — 22, Ош шаары — 6 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 93 886 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 694 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 447 киши оор, 89 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 435 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 409.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — беш, Чүй облусунда — эки, Ысык-Көл облусунда — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 711 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 6 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Бишкек шаарында — 4, Ысык-Көл жана Чүй обулстарында — бирден медиктен коронавирус катталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 552ге жетти, анын ичинен 4 482 медкызматкер илдеттен айыкты.