«Кумтөр Голд» менен арбитражда соттошууга 1,5 млн доллар керек — Акылбек Жапаров

Стокгольм соода палатасынын арбитраждык соту

Депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз отурумунда Centerra Gold акционердик коому менен арбитраждык сот процессинде Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоочу юристтерге 1,5 млн доллар кетерин билдирди.

«Чет өлкөлүк үч компанияны жалдадык, бүгүнкү күнү 630 миң доллар акча кетти — 1,5 млн долларга контракт түзгөнбүз. Анткени биз эгерде арбитраж боло турган болсо Стокгольмдо өтөт деп коюптурбуз, бирок Нью-Йорк штатынын укугу менен. Салыктарды чечмелөө, талаш-тартыштын баары Нью-Йоркто өтөт деген экен. Анан англиялык укук болгондон кийин Лондондон дагы бар — үч компанияны жалдадык, азыр алар бизге жардам берип жатат», — деди Жапаров.

Отурумга катышкан Centerra Gold компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүк учурда «Кумтөр Голд Компанинин» эсебинде 1,6 млрд доллар бар экенин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан менен Centerra Gold арбитраждык сотко кайрылары менен канадалык компаниянын жана «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын банктык эсептери тоңдурулат.

Депутат Абдывахаб Нурбаев юридикалык компаниялардын акысы кимдин эсебинен төлөнөөрүнө кызыкты. Акылбек Жапаров юристтерге «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан келген дивиденддерден төлөнүп жатканын билдирди.

«Ошол акча толук соттошконго жетеби? [...] Ошол юридикалык компания жалпы уткан суммадан пайыз алабыз деп чыкпайбы анан? Ошол келишимди коомчулукка чыгарса болобу?» — деп Нурбаев суроо узатты.

Жапаров бул акча жалпы соттук териштирүүгө жетпей калышын билдирди, анткени арбитраж «28 күндөн 28 жылга чейин созулуп» кетиши мүмкүн.

«Биз бүгүн ошого аябай кыйналып жатабыз, ачык эле айтайын. Көп юридикалык компаниялар ошондой бонуска иштейт. Анан ага биз макул бололу десек Кыргызстандын эли баарын туура эмес түшүнүп, “силер аларга кошулуп кетипсиңер” дейт деп “Кыргызалтын” коркуп жатат [...] Келишимди сизге жеке чыгарып бере алабыз, бирок эл-журт көргүлө деп бере албайбыз, анткени ал жерде юридикалк компания бөлөк юридикалык компаниялар менен соттошуп жатпайбы. Бизде болгон сырларды баары келишимде жазылууда», — деди Жапаров.

Centerra Gold акционердик коому 16-майда Кыргызстандын өкмөтүн Арбитраждык сотко бере турганын билдирген. Буга Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компаниге» экологиялык зыян үчүн 3 млрд доллардан ашуун айыппул салганы жана кен казуучу компанияларга «сырттан башкаруу киргизүү» мыйзам долбоорунун кабыл алынышы себеп болгон.

Ал эми «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров компаниядан жалпысынан 4,2 млрд доллар өндүрүү керектигин айтып, эл аралык сотко кайрылууга даяр экенин билдирген болчу.