COVID-19: Коронавирусту жуктурган 7 бейтап каза болду, жаңы 234 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 18-майда коронавирустун жаңы 234 учуру катталгандыгын маалымдашты. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 146, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 88.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 112;

Чүй облусунда — 81;

Ысык-Көл облусунда — 25;

Ош шаарында — 3;

Жалал-Абад облусунда — 1;

Талас облусунда — 1;

Баткен облусунда — 3;

Ош облусунда — 6;

Нарын облусунда — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 100 966га жетти.

Ал эми акыркы суткада 282 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 187, Чүй облусунда — 61, Ош облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда жана Ош шаарында — үчтөн, Баткен облусунда — 1, Нарын облусунда — 8, Ыссык-Көл облусунда — 12 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 94 168 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 605 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 413 киши оор, 86 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 463 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 594.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — алты, Чүй облусунда — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 718 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада үч медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Ысык-Көл облусунда — бир жана Чүй обулусунда — эки медиктен коронавирус катталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 555ке жетти, анын ичинен 4 490 медкызматкер илдеттен айыкты.