Садыр Жапаров убактылуу аралыктан иштейт

Президент Садыр Жапаров убактылуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай кадам мурда пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында кабыл алынган.

«Өлкөдө болуп жаткан бардык окуялар, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелер дайыма мамлекет башчысынын көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

Президенттин маалымат кызматы өлкө башчысы кайсы эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга катышарын маалымдаган жок.

Буга чейин Садыр Жапаров февраль айынын ортосунда Орусияга болчу сапардын алдында дагы аралыктан иштөө режимине өткөн.