Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы алмашты

Эрбол Султанбаев

Галина Байтерек президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы кызматынан кетип, анын ордуна Эрбол Султанбаев дайындалды. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекет башчысынын ушул эле жарлыгы менен Байтерек президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Буга чейин Галина Байтерек бүгүн, 18-майда, ал президенттин маалымат катчысы катары акыркы жолу иштеп жатканын фейсбук барагына жазган. Андан сырткары ал Жапаров менен жакшы мамиледе калганын белгилеген.

«Имиштер менен сындар болбошу үчүн айткым келет, Садыр Нуркожоевич менен адамдык жана кызматтык жакшы мамиледе калдык. Алдыма коюлган бардык милдеттерди аткардым, эми жаңы фронтто иштер турат. Бул тууралуу кийинчерек кабарлайм», — деп жазган ал.

Байтерек 2020-жылы октябрда президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалган.

Галина Байтерек президенттин басма сөз катчысы болуп турганда Сох анклавы тууралуу тараткан билдирүүсү коомчулукта талкуу жараткан. Ал 12-мартта Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары аяктагандан кийин кыргыз тарап «Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына мамлекеттик чек ара аркылуу ээн-эркин өтүү үчүн транспорттук жана авиакаттамдарды ачууга даярдыгын» билдиргенин маалымдаган.

Байтерек чек арада кайрадан жети өткөрмө бекети иштеп башташы керектигин, жабдыктарды өзбек тарап камсыз кылууга убада бергенин айткан. Басма сөз катчынын айтымында, анын ордуна Өзбекстан Үңкүр-Тоого укуктуулугунан баш тартмак. Кийинчерек президенттин сайтынан бул тууралуу айтылган пресс-релиз өчүрүлүп, өзгөртүү менен кайра жарыяланган.

Бул билдирүүгө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы үн катып, Өзбекстан үчүн Сох анклавына коридор ачылат деген маалыматты төгүнгө чыгарган.