COVID-19: Коронавирусту жуктурган 7 бейтап каза болду, жаңы 253 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

19-майда коронавирустун жаңы 253 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 180, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 73. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 120;

Чүй облусунда — 84;

Ысык-Көл облусунда — 25;

Ош шаарында — 8;

Жалал-Абад облусунда — 7;

Ош облусунда — 4;

Нарын облусунда — 5.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 101 219га жетти.

Ал эми акыркы суткада 315 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 174, Чүй облусунда — 73, Ош облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 10, Ош шаарында — 16, Нарын облусунда — 11, Ысык-Көл облусунда — 26 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 94 483 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 569 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 408 киши оор, 86 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 435 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 472.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — эки, Чүй облусунда — үч, Ысык-көл жана Талас облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 725 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада үч медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй обулусунда — бирден медиктен коронавирус катталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 558ге жетти, анын ичинен 4 497 медкызматкер илдеттен айыкты.