Кумтөргө байланышкан окуялар сомго кыйыр таасир бериши мүмкүн — Улуттук банк

Депутат Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин 19-майдагы отурумунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон мурдагы президент Аскар Акаевдин «сом Кумтөргө байланган» деген сөздөрү чындыкка дал келээрин сурады.

«Биздин мурунку президентибиз Аскар Акаев “биздин сом ушул Кумтөргө байланган” деп маалымат берди. Эгерде эртең соттук процедуралар башталган кезде, канчалык деңгээлде коркунуч бар [...] “Сом Кумтөргө байланып, ошол себептен курсу аябай жакшы кармалып турган” дегендей маалымат берди», — деди Абдалиев.

Абдыгулов мыйзамга ылайык улуттук валюта «эркин калкууда» жүргөнүн жана Кумтөргө же башка компанияларга байланбаганын билдирди. Абдыгуловдун айтымында, сомдун куну «базар баасы менен аныкталат».

Ал эми Абдалиев Улуттук банктын төрагасына «демек, эртеңки соттук териштирүү сомго таасир этпейт деп так айта алабызбы» деген суроону узатты.

«Түзмө-түз таасир этпейт, бирок кыйыр каналдар бар. Кыйыр каналдар бул чет өлкөлүк инвестициялардын агымы, акча которуулар, ички капиталдын агып чыгуусу, экономиканын абалы — булардын баары комплекстүү фактор», — деди Абдыгулов.

Ошондой эле Абдыгулов сомдун курсуна «сырткы факторлор» да кыйыр таасир этип калышы мүмкүн деп, АКШнын федералдык резерв системасынын саясатын мисал келтирди. Ошол эле учурда Абдыгулов Улуттук банк буга даяр деп ишендирди.

«Кумтөрдүн» айланасында эмне болуп жатат?

Парламентте 17-майда Кумтөр кенине жана алтын казуучу «Кумтөр Голд Компани» ишканасына байланышкан кезексиз жыйын өткөн. Анда 91 депутат «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоого макулдугун берген.

Ошол эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр Голд Компанинин» сырткы башкаруучусу кылып дайындаган.

Кумтөр — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири алтын кени. Аны канадалык Centerra Gold Inc тоо-кен иштетүүчү компаниясы Кыргызстанда түзүлгөн оператору «Кумтөр Голд Компани» аркылуу иштетип келет. «Кыргызалтын» Centerra Gold Inc ишканасынын акциясынын 26%на ээлик кылат.

Буга чейин, 7-майда, Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Буга төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылганы негиз болгон. Доо арыз жазгандардын экөө барымтага алуу ишинде айыпкер катары өтүшкөн — президент Садыр Жапаров дагы бул иштин фигуранты катары өткөн.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошондой эле депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү.

Буга чейин дал ошол парламенттин депутаттары бул үчүн негиз түптөшкөн — алар дароо үч окууда каалаган компанияга сырткы башкаруу киргизүүгө жол ача турган мыйзамды кабыл алышкан. Мыйзамга ылайык, эгерде компания кеңдерди коргоо талаптарын, мыйзамда бекитилген экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздук нормаларын бузса, же иштин таасир этүүчү аймагында жашаган адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурса, ошол эле маалда келтирилген зыянды жоюу боюнча эч кандай чара көрбөсө сырткы башкаруу киргизилет. Жапаров бул мыйзамга 14-майда кол койгон.

15-майда ЖМКларда укук коргоо органдары Кумтөр компаниясынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүп жатканы айтылган. Анда УКМК тергөө жүрүп жатат деген жүйөө менен, комментарий берүүдөн баш тарткан, бирок 17-майда тинтүү жүргөнүн тастыктаган.

Жогорудагы окуялардан улам Centerra Gold Inc. Кыргызстандын бийлигине каршы эл аралык арбитражга кайрылган. Ошондой эле, Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) мамлекеттин компанияны «жутуп алуусу» Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүнү да, республиканын инвесторлор алдындагы беделин да түшүрүп коркунучка кептээрин билдирген.