УКМК: Ош облусунан 440 кг героин кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жакынкы чыгыштан Борбор Азия мамлекеттери аркылуу Европага баңгизатын ташыган эл аралык наркоканалдын жолун бууду. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

13-майда УКМКнын кызматкерлери Ош облусунан жүк ташуучу автоунааны токтотушкан. Тинтүү учурунда унаадан катылган 440 кг героин табылган. Анын баасы көмүскө базарда 20 млн долларда түзөт.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, эки кыргызстандык баңгизаттарын мыйзамсыз сатууга шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда аталган кылмышка катыштыгы бар башка кишилерди аныктоо боюнча аракеттер көрүлүүдө.

«Бул Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки эң ири баңги кылмышы болуп эсептелет», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ош облусунда Борбордук Азия өлкөлөрүнө маңзаттарды ташуу жана сатуу үчүн туруктуу канал түзгөн 55 жана 59 жаштагы тургундар кармалган.