Артём Новиков Орус-Кыргыз өнүгүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды

Артём Новиков. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Артём Новиков ээлеген кызматынан бошотулуп, Орус-Кыргыз өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагалыгына дайындалды. Бул тууралуу чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Ага ылайык, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставы боюнча Новиков фондду 3 жыл башкарат. Ал эми аны буга чейин башкарып келген Азиз Аалиев мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматынан бошотулду.

Артём Новиков — 34 жашта. Ал Мариповго чейин өкмөттү убактылуу жетектеп турган. Новиковду бул кызматка президент Садыр Жапаров өткөн жылдын октябрында дайындаган болчу.

Ошондой эле, Новиков Сапар Исаков жетектеген өкмөттө Экономика министрлигин башкарган. 2020-жылдын башынан тартып өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси катары иштеп, бул кызматты анын отставкасына чейин аркалаган.