Кара-Сууда жеке ишкердин сөөгү асылып турган абалда табылды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылындагы тыт бакта 28 жаштагы жеке ишкердин сөөгү асылып турган абалда табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» 20-майда билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум Тельман айылындагы «Байзак» чайханасынын ээси болгон. Анын денесин 12-майда жергиликтүү тургундар эрте менен табышып, милиция кызматкерлерине кабарлашкан.

Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБнин ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзгөн. Учурда бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды, тергөө башталды.

Буга чейин 18-майда Кара-Суу районуна караштуу Талдык айылында 47 жаштагы кишинин сөөгү контейнерде асылып турган жеринен табылган. Маркум Алай районунун Чий-Талаа айылынан келип, белгисиз себептерден улам каза тапкан. Учурда милиция бул окуя боюнча териштирүүнү жүргүзүүдө.