Кара-Сууда 47 жаштагы тургундун сөөгү асылган абалда табылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Талдык айылында 47 жаштагы кишинин сөөгү асылган абалда табылды. Маркум Алай районунун Чий-Талаа айылынын тургуну экени аныкталды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, милицияга 18-майда Талдык айылынын 58 жаштагы тургуну кабарлаган. Анда ал анын үйүнүн жанындагы контейнерде белгисиз киши асылып турганын айткан. Аширбаев аталган контейнер унаа жүрүүчү жолдун четинде жайгашканын белгилеп, ал кымыз ичип, эс алуучу жай катары пайдаланылаарын кошумчалады.

«Талдык айылы Кара-Суу районуна караганы менен Алай районунун Чий-Талаа айылына жакын жайгашкан. Маркум бир айылдан экинчи айылган келип каза болуп жатат. Өзү асынып алдыбы же киши колдуу болгонбу аны тергөө амалдарынан кийин билинет. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталды», — деди Аширбаев.

Ошондой эле, ал аталган окуя тууралуу кошумча маалымат берерин убада кылды.

Буга чейин 12-мартта Кара-Суу шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 47 жаштагы тургун кармалган. Ал Кара-Суу базарында 7 жыл бирге иштеген кишиге миздүү курал менен кол салган. 45 жаштагы маркум мойнунун сол тарабына жаракат алып, тез жардам кызматы менен аймактык ооруканага жеткирилген. Бирок ал ооруканада өзүнө келбей үзүлгөн.