Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясын алып келүүгө учак жок — министр Бейшеналиев

Кыргызстан Кытайдын Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясын алып келе албай жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Кытайдын бийлиги 150 миң доза вакцинаны гуманитардык жардам катары берген.

Аткаминердин айтымында, Кыргызстандын «учагы да, Пекинге барган авиакаттамы да жок».

«Чартердик каттамдарды, алып келүү жолдорун издеп жатабыз. Учагы бар өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстандын министрлер кабинетине кат жолдоп, жардам сураганбыз, алар да ойлонуп жатышат», — деп билдирди Бейшеналиев.

Ал Sinopharm* вакцинасынын биринчи партиясы дагы араңдан-зорго алынып келингенин айтып берди.

*Кытай март айынын этегинде гуманитардык жардам катары Кыргызстанга 150 миң доза Sinopharm дарысын берген.

«Макулдашып, учак жалдап алып келдик. Бардыгын Кытай тарап төлөдү. Бул 154 миң доллар турат. [Вакцинанын экинчи партиясын] өз эсебибизден алып келишибиз керек. Буга чейин Каржы министрлиги бөлгөн каражатты Орусиянын “Спутник V” вакцинасын алууга жумшаганбыз. Москвадан келген ар бир каттамдын баасы дагы белгилүү суммага чыгып жатат», — деп билдирди министр.

Бейшеналиевдин айтымында, май айынын аягында Кыргызстанга AstraZeneca англо-швед вакцинасы алып келинет. Ошондой эле «жакынкы күндөрдө» «Спутник V» вакцинасынын келиши күтүлүүдө.

Кыргызстандагы эмдөө

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Учурда кыргызстандыктарга Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын «Спутником V» вакцинасы сайылып жатат.

Марттын аягында Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келип түшкөн, бул 75 миң адамга жетет. Учурда бул вакцина менен ар бир каалоочу эмделе алат.

«Sputnik V» өнөкөт оорулары бар жана 65 жаштан улуу курактагы жарандарга сайылат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 19-майга карата Кыргызстанда жалпы 57 356 адам эмдөөдөн өткөн.

График. Борбор Азияда эмдөө кандай жүрүп жатканын билгиңиз келеби?