Өзгөн: Парламенттик шайлоодо аёосуз сабалган тургун соттук териштирүү созулуп кеткенине нааразы

Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Нурсултан Иматалиев туугандары менен бирге 19-майда басма сөз жыйын куруп, аны алты киши сабаганы боюнча соттук териштирүү созулуп кеткенине нааразы болду. Иматалиев өткөн жылдын 6-октябрга караган түнү алты киши тарабынан токмоктолгон.

Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгы «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, үч шектүүнү кармаган. Ал эми жылдын башында тергөө аяктап, иш сотко өткөрүлгөн.

Иматалиевдин айтымында, чыр бир жыл мурун Алым Насипов* Шоро-Башат айылындагы спортзалга бөлүнгөн жаңы маттарды өзүнө ыйгарып алгандыктан башталган. Жабырлануучу аны сабагандардын төртөө — Кутмидин**, Расул, Данияр Авазбек уулу жана Дөөлөт Ормонов аттуу тургундар Алым Насиповдун «өкүл балдары» болгонун билдирди.

Алым Насипов

*Самбо мушкери Алымбек Насипов 2016-жылы Бишкек шаардык кеңешине «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайланып, бирок бир жылдан кийин өз каалосу менен мандатын тапшырган. Насиповдун кичи мекени Шоро-Башат айылы. Ошондой эле ал «Ынтымак команда Ихлас» спорттук клубунун жетекчиси. Жабырлануучу Насипов мурда Бишкек шаардык сотунун судьясы болгон Курманкул Зулушевдин айдоочусу болгонун билдирди. Зулушев учурда Башкы прокурор.

**Ал эми Иматалиевди сабоого айыпталгандардын бири Кутмидин Абдуллаев мурда Курманкул Зулушевдин жансакчысы болгону айтылды. Абдуллаев эрежесиз эр-уруш боюнча мушкер.

«Төрт-Көл айыл өкмөтүнөн 400 миң сомдон ашуун каражат маттарга бөлүнгөн [...] Көп күн өтүп кеткенден кийин айыл башчы Сулайман Олдошев чалып, “матты алып кетпейсиңерби, менин үйүмө алып келип коюптур” деди. Барсам эски маттар. Бишкектегилерден сураштырсам алар айтты: “Алымбек Насипов өзүнүн залына [жаңы] маттарды салып, айылга өзүнүн эски маттарын берип жиберди” деп айтты. Анан мен албай келе бердим, бирок ал маттарды залга алып чыгып коюптур», — деди Иматалиев.

Жабырлануучу ушул окуядан кийин ага Насиповдун «өкүл балдары» делген тургундар келе баштаганын айтты. Бирок алардын арасындагы чыңалуу убактылуу токтотулган.

Ал эми тургундардын арасындагы пикир келишпестик парламенттик шайлоодо күчөп кеткен. Иматалиев жакындары менен «Мекенчилдин» талапкери Орозбек Сыдыковду колдогонун, ал эми аны сабоого шектелгендер «Замандаштын» талапкерине иштегенин билдирди.

«Алымдын [Насиповдун] “өкүл атасы” Бакыт Мамбетов, ал эми Бакыттын “өкүл атасы” Улугбек Ормонов — ал “Замандаштан” талапкерлигин койгон. Аларга биз ушул маалга чейин беш жыл шайлап келдик, анан “өзүбүздөн [“Мекенчилден” талапкер] чыкты” деп шайлаганыбызда алар көрө албай, анан аз добуш да алып калды. Андан кийин “атып кетебиз, чаап кетебиз” деген сөздөрдү чыгара башташты», — деди Иматалиев.

Улугбек Ормонов

*«Бир Бол» фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Замандаш» партиясы менен аттанган. Өзгөн району Ормоновдун кичи мекени.

Бул сөздөрдөн кийин Иматалиев Расул аттуу тургунга жазып, баарын ордуна коюу үчүн Кутмидин менен жолугушууну өтүнгөн. Жолугушуу Шоро-Башат айылында болуп, Иматалиев эки досун да ээрчитип барган.

«Мен түшүп, унаанын алды жагына өткөндө алар төртөө түштү — Кутмидин, Расул, Данияр жана мен сырттан тааныган “Дөкү” деген бала. Данияр тапанча кармап түштү, Расул колуна бычак кармап түштү. “Дөкү” да бир нерсени чыгарып жаткан, бирок аны көрүүгө үлгүргөн жокмун. Кутмидин “эмне болду?” деп учурашканда, Данияр бетке тапанча менен урду. Мен Даниярды жакалаганымда, оң жагыман Расул кармап, сол жагыман “Дөкү” кармап сабап башташты», — деди Иматалиев.

*Буга чейин Иматалиевдин эжеси Нургүл Ырысбаева шектүүлөрдүн бири Дөөлөт криминалдык чөйрөдө «Дөкү» каймана аты менен белгилүү болгонун билдирген.

Кийинчерээк Расул жабырлануучунун колдоруна бычак сайгылап, Кутмидин унаадан алып чыккан бейсболдук бита менен сабап баштаган. Иматалиев ошол бойдон өзүнө келгенден кийин арадан төрт күн өткөнүн билдирди.

Ал эми окуяга күбө болгон Иматалиевдин досу Нурали Жапаров урушту токтотууга аракет кылган. Бирок ал дагы таяк жеп, качууга аргасыз болгон.

«Үйүм жакын болчу, мунун [Иматалиевдин] Арстанбек деген тагасын ээрчитип чыктым. Чыкканда алар качып кетишиптир. Досум өзүн билбей, сөгүнүп отуруптур. Үстү-башы кан, адам тааныгыс», — деди ал.

Нургүл Ырысбаева окуя болгон күнү ал Өзгөн райондук ооруканасына барганда дарыгерлер анын инисинин абалы оор болгонун жана аны алып кетүүнү суранышканын айтып берди. Иматалиевдин туугандары аны Ош облустук ооруканага алып барышып, жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө төрт күн жаткан.

Соттук-медициналык экспертиза жабырлануучунун башында үч жерден гематома аныктаган. Ошондой эле анын жаагы сынып, 16 тиши талкаланып, эриндери жырылып жана он колунун манжалары сынып кеткен. Жалпысынан Иматалиев ооруканада 20 күн жаткан.

Ырысбаева алар тааныган төрт шектүүнүн үчөө кармалып, Дөөлөт Ормонов Казакстанга качып кеткенин билдирди. Жабырлануучунун эжеси иштин созулуп кеткенине Башкы прокурор Зулушевдин түздөн-түз байланышы бар экенин божомолдоду.

Ошондой эле Ырысбаева Алым Насипов аларга «бул окуяга тиешеси жок экенин» билдирип, муну анын «өкүл атасы» Бакыт Мамбетов уюштурганын айтканын кошумчалады. Иматалиевдин жакындары тергөө ар кандай шылтоолор менен Насипов жана Мамбетовду суракка чакырбай, төрт айдан бери бир да соттук отурум болбогонуна нааразы болушту.