Министрлер кабинетинин төрага орун басары болуп Дастан Догоев дайындалды

Дастан Догоев

«Пара опузалоого» шектелип кармалган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна санариптик өнүктүрүү министри болуп Дастан Догоев дайындалды. Тешелүү буйруктарга президент Садыр Жапаров 20-майда кол койду.

Дастан Догоев — 34 жашта. Ал буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп иштеген. Ал эми 2017-жылдын июнунан 2018-жылдын февралына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. 2018-жылдын июнь айында президенттин кеңешчиси болгон.

Догоев 2020-жылдын июнь айында АКШнын Гарвард университетине окууга баруу үчүн кызматтынан кеткен.

Азамат Дыйканбаевди УКМК мындан бир күн кармаган. Дыйканбаевге карата арызды «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырган чет өлкөлүк компания жазган. Арыз берүүчүлөр Дыйканбаев долбоор боюнча келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оң жагына чечип берүү үчүн «ири өлчөмдөгү пара опузалаганын» билдиришкен.

Дыйканбаевдин жактоочусу Кайсын Абакиров «Азаттыкка» курган маегинде анын кардарында келишимди узартуу укугу болбогондугун белгиледи. Ошондой эле, ал УКМК Дыйканбаевди «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» кытайлык компаниясынан 2 млн 600 миң сом пара талап кылууга шектеп жатканын кошумчалады.

Дыйканбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары даражасындагы санариптик өнүктүрүү министри болуп 5-майда дайындалган болчу. Ал атайын кызматтын тергөө абагына эки айга киргизилип, ага карата «Пара талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда.

Тема боюнча:

Азамат Дыйканбаев «пара опузалоого» шектелип кармалды