Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп Айбек Жунушалиев келди

Айбек Жунушалиев

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп Айбек Жунушалиев дайындалды. Бул тууралуу тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 20-майда кол койду.

Айбек Жунушалиев — 44 жашта. Ал буга чейин өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.

Жунушалиев Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юриспруденция адистигин 1999-жылы аяктаган. Эмгек жолун аталган окуу жайда окутуучулук кызматтан баштап, андан соң 2000-жылы Чүй облустук администрациясында жаштар иши боюнча комитетти жетектеген. 

Өкмөттүк аппаратка 2007-жылы билим берүү, маданият, дин, спорт жана жаштар менен иштешүү бөлүмүндө референт болуп келген. Андан кийин аппараттагы ар кандай кызматтарды аркалап, 2015-жылы өкмөттүк аппараттын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчылыгына чейин жеткен. Мындан сырткары, ал 2016-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде статс-катчы болуп эмгектенген.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Артём Новиков  20-майда Орус-Кыргыз өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагалыгына дайындалган.