Активист Мелис Аспековго карата дагы бир кылмыш иши козголду — УКМК

Активист Мелис Аспековго карата «алдамчылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу 24-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКдан белгилешкендей, сотко чейинки өндүрүш активисттин иш-аракеттеринен жапа чеккен жарандардын арыздарынын негизинде башталган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков Б.Л. аттуу аялдан тууганын абактан бошотуп чыгарып берүүнү убада кылып, алдамчылык менен 15 миң доллар алган.

Ушундай эле арыз УКМКга жабыркаган аялдын кызынан дагы түшкөн. Ал Аспеков күйөөсүн түрмөдөн чыгарып берүүнү убада кылып, алдоо жолу менен батирин өзүнүн жубайына каттатып алганын билдирген.

Муну менен катар, Коопсуздук комитети Мелис Аспековдун ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына тиешеси бар учурларды териштирүүнү улантууда.

Алдамчылык ишинен тышкары, Аспеков «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар пара талап кылуу боюнча кылмыш ишинин дагы фигуранты. Ал 2021-жылдын анварында дал ушул иштин алкагында кармалган.

Кармалгандан кийин активист УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Бирок азыркы учурда Аспеков Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ТИЗО-1де отурат.

Аспековдон тышкары опузалоо ишинде активист Улан Жураев дагы шектүү болуп өтүп жаткан. Бирок 2021-жылдын 23-январында Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган, үй камагында болуу бөгөт чарасы 9-мартта бүткөн. Анда сот Жураевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүгө ал тергөө менен кызматташууга макулдук бергени негиз болгонун айткан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков менен Жураев финпол тарабынан текшерүү жөнөтөбүз, «Кыргызтемиржолуна» каршы митинг уюштурабыз деп опузалашкан. Бул окуядан кийин, ошол кезде президенттикке талапкер болуп турган Садыр Жапаров Аспековдун кармалышына карата оюн билдирип, «ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керек» деп билдирген.

Андан кийин эле үстүбүздөгү жылдын май айында Аспеков Садыр Жапаров шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси Асылбек Жээнбековдон 10 млн доллар алган деп билдирүү жасаган. Аспековдун каты анын фейсбук барагында жарык көргөн.

«[Садыр Жапаров] “мен шайлоого Жээнбековдордон 10 млн доллар алдым” деп ачык эле айтты уялбай. “Аларды кама дегениңди токтот, алардан башка ким бермек эле?” деп кайрадан менден сурайт. “7 дубанга 1 млн доллар кетти, Ысык-Көлгө 2 млн доллар бердим, өзүмдүн жеримен аз добуш алсам уят” болоорун айтты. “Бишкек менен Ошко 1 млн доллар бердим” дейт. “Ушинтип арам Жээнбековдордун акчасына президент болбой эле койсоң болмок” десем, “сен эмнени билесиң” деп менден качып баштады», — деп айтылган Аспековдун билдирүүсүндө.