COVID-19: Коронавирустун жаңы 191 учуру катталды, 6 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: ССМ

24-майда коронавирустун жаңы 191 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 127, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 64. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 121;

Чүй облусунда — 28;

Ысык-Көл облусунда — 11;

Ош шаарында — 11;

Жалал-Абад облусунда — 4;

Ош облусунда — 2;

Талас облусунда — 6;

Нарын облусунда — 8.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 102 702ге жетти.

Ал эми акыркы суткада 308 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 224, Чүй облусунда — 64, Ош шаарында — 7, Нарын облусунда — 2, Ош облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 4, Талас жана Нарын облустарында — экиден бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 96 119 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 571 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 411 киши оор, 81 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 461 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 378.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — төрт, Чүй жана Талас облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 757 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарында эмгектенген үч медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 595ке жетти, анын ичинен 4 532 медкызматкер илдеттен айыкты.