Садыр Жапаров Путин менен жолугушуу үчүн Сочиге келди

Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Садыр Жапаров 24-майда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Сочи шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Эки өлкөнүн башчылары Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташууга байланышкан маселелерди талкуулашат.

«Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Орусиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ошондой эле регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулашат», — деп билдиришти Жапаровдун басма сөз кызматынан.

Алар коронавируска каршы аракеттенүү чараларын жана орус вакциналарын Кыргызстанга алып келүүнү дагы талкуулашаары кабарланат. Садыр Жапаров 18-майдан тартып чет элдик сапарларга чыгуу алдында обочого кеткен: Орусияга, Тажикстанга жана Түркияга.

Материалды даярдагандар: Бегимай Арстанбекова жана Данияр Кенжалиев.