Аттестациядан өтпөгөн 10 аким кызматынан бошотулду — Мамлекеттик кадр кызматы

Өлкөнүн бардык аймактарында акимдердин аттестациясы өткөрүлүп, анын жыйынтыгында айрымдары кызматтарынан бошотулуп, башкалары кадрлардын резервине киргизилип, дагы башкалары акимдик кызматтарга дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин орун басары Олег Тарбинский билдирди.

Анын айтымында, 10 аким аттестациядан өтпөй калган, андыктан жумуштан бошотулган.

«Биз либералдык мамлекетпиз. Ал адамдар кайрадан аймактык резервке кирүүгө аракет кылса болот. Азырынча андай боло элек. Бирок мындан кийин, алар резервке кирип, билимин жакшыртканын далилдешсе акимдик кызматка талапкерлиги каралышы мүмкүн», — деди Тарбинский.

Ал азыркы учурда резервде 321 адам бар экенин белгиледи.

Буга чейин президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров өлкөнүн район башчыларын ротациялоо тууралуу жарлыкка кол койгонун кабарлаган болчу. Маалыматка ылайык, атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан өлкө боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары аттестациядан өткөрүлгөн.

Ал эми талапкерлерди тандоо милдетин Мамлекеттик кадр кызматы аткарган.

Кийинчерээк министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бийлик район башчыларын дайындоонун принцибин толугу менен өзгөртүүнү чечкенин билдирген.

«Өлкө түштүгүндө иштегендер эми түндүк тарапка, ошондой эле түндүк тараптагылар түштүккө багытталат. Мунун бардыгы жер-жерлердеги орнотулган ыкмаларды жоюу иретинде жасалууда. Жаңыча иштеп баштоо керек. Биз акимдердин натыйжалуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзөбүз, инвесторлорду тартабыз, ал эми жергиликтүү жетекчилер аларга ишенип берилген аймактагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үстүндө түздөн-түз иш алып барышы керек», — деген Марипов.

Текст: Диана Орунбаева

ТЕМА БОЮНЧА:

«Түштүктө иштегендер түндүккө кетти». Өлкөдө район акимдери ротация болду