Мамлекетке 15 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды — Башкы прокуратура

Бишкекте жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен беш жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Жер участоктордун жалпы баасы 15 млн сомдон ашуун сумманы түзгөн. Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, Ленин райадминистрациясынын кызмат адамдары Ак-Өргө конушунда төрт жер участогун жарандардын менчигине мыйзамсыз өткөрүп берген. Баасы 11,9 млн сомду түзгөн бул жерлер жолдорду кеңейтүү үчүн каралган.

Башкы прокуратура Ленин райадминистрациясынын кызмат адамдары Арча-Бешик конушундагы жер тилкесин дагы жеке менчикке мыйзамсыз беришкенин кошумчалады. Ал участокко 754 орундуу, баасы 3,09 млн сомдук мектеп курулушу керек болчу.

Мындан улам прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, аталган жер тилкелеринин документтерин жокко чыгарууну өтүнгөн. Сот өтүнүчтү канааттандырып, жерлер мамлекетке кайтарылып берилди.

Буга чейин Аламүдүн районунун жашоочулары жерге болгон документтерди берүү талабы менен митингке чыгышкан. Алардын айтымында, көпчүлүгү жер тилкелерин сатып алышкан, бирок бийлик аларга уруксаат документтерин бербей келет.