Москвада үйдө жалгыз калган эки кыргызстандык наристе өрттөн каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Орусиянын Москва шаарында кыргызстандык 4 жана 5 жаштагы секелек кыздар өрт кырсыгынан каза болду. Өрт кыздардын ата-энеси үйдү сыртынан култап жумушка кеткенден кийин чыккан.

Окуя 22-майда орун алган. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасына кыздардын атасы менен бир тууган Уулкыз Калмурзаева билдирген. Алар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынын тургундары болушат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Усубакунова кырсыктын себеби азырынча белгисиз экендигин билдирди. Ошондой эле, Усубакунованын айтымында, кыздардын сөөгүн мекенине жиберүү үчүн Москвадагы кыргызстандык мигранттардын уюмдары акча чогултууда.

Буга чейин 11-мартта Орусиянын Сургут шаарында да 9 жана 6 жаштагы балдар тилсиз жоодон каза болушкан. Алар апасы жана чоң энеси менен жашашкан. Кырсык катталган учурда алар үйдө жалгыз калышкан, ал эми апасы жумушта болгон. Аталган факт боюнча кароосуз калтырган энеге карата кылмыш иши козголгон.