COVID-19: Коронавирустун жаңы 298 учуру катталды, 8 киши каза болду

Иллюстрациялык сүрөт

26-майда коронавирустун жаңы 298 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 246, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 52. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 144;

Чүй облусунда — 86;

Ысык-Көл облусунда — 18;

Ош шаарында — 23;

Жалал-Абад облусунда — 5;

Ош облусунда — 7;

Талас облусунда — 2;

Нарын облусунда — 13.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 103 000ге жетти.

Ал эми акыркы суткада 314 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 228, Чүй облусунда — 58, Ош шаарында — 4, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 3, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында — сегизден бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 96 433 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 575 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 420 киши оор, 90 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 461 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 374.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында сегиз COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 765 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 16 медицина кызматкери коронавируска чадыкты: Бишкек шаарында — 7, Чүй облусунда — үч, Ош шаарында, Ош жана Ыссык-Көл облустарында — экиден медиктен аныкталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 611ге жетти, анын ичинен 4 541 медкызматкер илдеттен айыкты.