Дүйшөмбүдөн «Манас» аэропортуна учуп келген 177 тажик жараны кайра артка кайтарылды

Сүрөт интернеттен алынды

«Манас» эл аралык аэропортуна Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан учуп келген «Сомон Эйр» чартердик рейси 26-майда кайра артка кайтарылды. Анын ичинде 177 тажикстандык жүргүнчү болгон.

Аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдиргендей, мындай чечим Тажикстандын жарандарына өлкөгө-кирип чыгууга убактылуу тыюу салган чектөөнүн кабыл алынышы негиз болгон.

«Кыргызстандын аймагына тажикстандык жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилгендигине байланыштуу 177 тажикстандык кайра артка кайтарылды. Ал эми алар менен бирге учуп келген 9 чет өлкөлүк чек арадан өткөрүлгөн», — деп билдирди Курбанова.

Мындан сырткары, Курбанова учак Дүйшөмбү шаарына 26-майга караган түнү саат 03:17де учуп кеткендигин белгиледи.

«Озоди» басылмасы мындан бир күн мурун «Манас» аэропортунда Орусиядан учуп келген жана ал жакка учуп кетүүгө ниеттенген 100дөй тажикстандык кармалып тургандыгын маалымдаган. Жүргүнчүлөрдүн айрымдары аталган басылмага Тажикстандын бийлиги чек арадагы чектөөлөр боюнча маалымат бербегендигин айтышкан.

Ал эми Курбанова аэропорттун ичинде 100дөй тажикстандык бар деген маалыматты ырастаган жок. Анын айтымында, Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн учуп келген тажикстандыктар бар болушу мүмкүн, бирок алардын саны алда канча аз.

Кыргызстан 21-майдан тартып Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мындай чечим чек арадагы көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин кабыл алынганын маадымдаган.

Тажик аскерлеринин агрессиясы

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чырда жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркагандыгын маалымдаган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракетин аскерий агрессия катары баалаган. Ошондой эле Кыргызстандын аскерлери коргонуу максатында гана курал колдонгонун белгилеп, Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салбаганын маалымдаган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жабыркагандардын санын ачыктай элек, бирок тажик ЖМКлары жаңжалдан 88 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 20 киши набыт болгонун кабарлаган.

Мындан сырткары, жаңжалда Тажикстандын жарандарына таандык 14 үй толугу менен жана үч үй жарым-жартылай бузулганын билдиришкен. Ошондой эле, бир курулуш жана бир мектеп жарым-жартылай жабыркаган.