Акыркы суткада коронавирустун жаңы 376 учуру катталды, 8 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт. 

27-майда коронавирустун жаңы 376 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 325, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 51. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 238;

Чүй облусунда — 66;

Ысык-Көл облусунда — 21;

Ош шаарында — 17;

Жалал-Абад облусунда — 9;

Ош облусунда — 14;

Талас облусунда — 4;

Нарын облусунда — 5.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 103 583ге жетти.

Ал эми акыркы суткада 386 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 271, Чүй облусунда — 67, Ош шаарында — 9, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 11 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 97 151 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 614 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 404 киши оор, 84 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 011 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 386.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында жана Чүй облусунда — үчтөн, Нарын жана Ыссык-Көл облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 781 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 14 медицина кызматкери коронавируска чадыкты: Бишкек шаарында — 6, Чүй, Нарын жана Талас облустарында — бирден, Ош облусунда — эки жана Ыссык-Көл облусунда — эки медиктен аныкталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 632ге жетти, анын ичинен 4 553 медкызматкер илдеттен айыкты.