Чек ара кызматы: Жүк ташуу көбөйгөндүктөн «Ак Тилекте» 80 фура кезекте турат

Чек ара кызматынын басма сөз кызматы 27-май күнү эртең менен Казакстан менен чектешкен «Ак-Тилек» өткөрүү бекетинде оор жүк ташуучу 80 унаа кезек күтүп турганын кабарлады.

Чек ара кызматы жүк ташуучу унаалардын топтолушун жүк ташуунун көбөйүшү жана экономикалык активдүүлүктүн күчөшү менен түшүндүрдү. Ошол эле учурда кызмат чек арадагы акыбал туруктуу экендигин, ал эми жүк ташуучу унаалардын топтолушу мезгил-мезгили менен гана болуп турарын билдирди.

Чек ара кызматы «Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү бекеттеринде автоунаа тыгыны катталбаганын», — кошумчалады.

Буга чейин Казакстан менен чектешкен бекеттердеги тыгын тууралуу ЖМКга жүк ташуучу унаалардын айдоочулары кабарлаган. Мындан тышкары алыска каттаган айдоочулардын көз карандысыз профсоюзунун төрагасынын орун басары Игорь Голубев Kaktus.Media басылмасына берген интервьюсунда автоунаалардын топтолушу казак тараптын текшерүүсүнөн улам болуп жатканын айткан.

«Кордайдын жанында 40тай автоунаа турат. Айдоочулардын документтерин чогултуп кетишкен, бирок текшерүүлөрдүн жана кармоонун себебин эч ким түшүндүрө элек. Кара-Суу өткөрүү бекетинде да токтоп тургандар бар. Меркеде 50дөй машине турат. Айрымдарынын күтүп жатканына 20 күндөн ашыптыр», — деди Голубев.

Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары кыргыз-казак чек арасындагы унаа тыгынына биринчи жолу туш болуп жаткан жок. Ушул сыяктуу тыгын 2020-жылы май айында болгон. Анда «Ак-Тилек» өткөрүү бекетинде 150гө чукул жүк ташуучу унаа топтолгон. Чек ара кызматы мындай тыгындын себебин айдоочуларды кононавируска милдеттүү түрдө текшерүү менен түшүндүргөн.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт колдонулду