Тажик ТИМи жарандарын Кыргызстанга каттабай турууга чакырды 

Тажикстандын ТИМи билдирүү жасап, республиканын жарандарын Кыргызстанга барбоону жана ал аркылуу башка өлкөлөргө транзит менен учпоону суранды.

Буга «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети «алдын ала кабарлама бербестен» «№12-б буйругунун» негизинде 2021-жылдын 21-майынан тартып чек ара аркылуу «өтүүгө убактылуу чектөөлөрдү» киргизгени себеп болду.

«Тажикстандын ТИМи Тажикстан Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасына болгон бардык сапарлардан жана Кыргызстандын аймагы аркылуу башка өлкөлөргө кетүүчү транзиттик каттамдардан баш тартууну өтүнөт. Жүк жана жүргүнчү ташуу менен алектенген Тажикстан Республикасынын юридикалык тараптары менен жеке ишкерлерине транспорттун кайсы түрү экенине карабай — Кыргыз Республикасынын аймагын пайдаланбоо, альтернативалык, үчүнчү өлкөлөр аркылуу алып өтүү сунушталат», — деп айтылган билдирүүдө.

Тажикстан ТИМнин билдирүүсү «Манас» аэропортуна Дүйшөмбү шаарынан тажик жарандарын салып келген «Сомон Эйр» чартердик рейси кирип-чыгууга чектөө киргизилгенине байланыштуу кайра артка кайтарылгандан кийин пайда болду. Ал эми алар менен кошо келген башка өлкөнүн тогуз жараны Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Ошондой эле Тажикстан ТИМи «Кыргыз Республикасынын аймагында Тажикстан Республикасынын жарандарына карата начар мамиле жасоо же алардын укуктарын бузуу учурлары катталса» Тажикстандын Бишкектеги элчилигинин чукул байланыш телефонуна кайрылууну суранат.

Убактылуу чектөөлөр

УКМКнын чек ара кызматы билдиргендей, министрлер кабинети 21-майдан тартып Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген.

Бул чектөөлөр Кыргызстан менен Тажикстандын, мындан сырткары, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлөсү Кыргызстандын тийиштүү органдары менен алдын ала макулдашуудан кийин чек араны кесип өтө алышат.

Ошол эле учурда Тажикстанда жүргөн Кыргызстандын жарандары Кыргызстанга кайтып келе алышат, ал эми Кыргызстанда жүргөн тажик жарандары мекенине кыргыз-тажик чек арасындага өткөрмө пункттар аркылуу чыгып кете алышат.

23-майда министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун чек арага жакын айылдарынын тургундары менен жоолугушуусу учурунда киргизилген чектөөлөр «көйгөйлүү маселелердин чечилишине чейин» сакталат деп билдирген.

Чек ара маселеси

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара маселеси бүгүнкү күнгө чейин курч бойдон калат, чек аранын делимитация жана демаркация болбогон аймактарында жыл сайын чыр чыгып турат. Акыркы жолу дагы, тактап айтканда, 2021-жылдын апрелинде кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыккан.

Дагы караңыз: «Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик

Баткен облусундагы чыр 28-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары бири-бирине таш ыргытып баштагандыктан чыккан. Ал эми 29-апрелде эки өлкөнүн аскерлери курал колдонууга өтүшкөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, чек ара чыры тажик тарап «Головной» суу бөлүштүрүүчү каналында видео камера орноткондуктан улам чыккан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, чек арадагы жаңжалда 36 кыргызстандык каза таап, 154ү жарадар болгон. Мындан тышкары, чек арага жакын айылдардын 40 миңден ашуун тургуну эвакуацияланган.

Тажикстан тараптан каза тапкан жана жарадар болгондор тууралуу маалымат 6-майда белгилүү болгон. Коңшу өлкөнүн маалыматы боюнча, куралдуу жаңжал учурунда жалпы-жонунан 19 адам каза таап, 87 тажикстандык жарадар болгон.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.