Балбак Түлөбаев: Суракматовдун кармалышы мага өтө оор болду

Мурда Бишкек мэринин милдетин аткарган Балбак Түлөбаев өзүнүн Фейсбук барагына экс-мэр Азиз Суракматовдун айланасындагы окуяларга комментарий берген. Суракматов 26-майда коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган.

Түлөбаев акыркы окуялардан улам ичи уйгу-туйгу болуп жатканын айткан.

«Азиз Эмилбекович Суракматов боюнча көп суроолор берилип жатат. Мага өтө оор. Чогуу иштедик, шаарда көп иштер жасалды. Соттордун, коопсуздук күчтөрдүн адилеттүү териштирүүсүнө ишенем. Ишенгим келет. [...] Мени качан камалат экен, ыя, дегендер да бар». — деп жазды.

Суракматовдун кармалышы

Калаанын экс-мэри Азиз Суракматов 26-майда кармалган. Тергөө Суракматов калаа башчысы болуп турганда муниципалитеттин кызмат адамдары менен курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен бирге коррупциялык схема түзгөн деп айтууда. Схема муниципалдык жерлерди коммерциялык имараттар менен көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн сатып алууга байланыштуу болгон.

Суракматов жана анын жакындарынын активдери негиздүү кирешелерсиз ыкчам өсүп, анын суммасы 50 млн долларга бааланат», — деп берилет УКМКнын маалыматында.

Тема боюнча: «50 млн доллар». Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамcыз баюуга шектелип кармалды

Түлөбаев жана Суракматов

Балбак Түлөбаев Суракматов мэр болуп турган 2018-2020-жылдар аралыгында муниципалитеттин аппарат жетекчиси болуп иштеген.

2020-жылдын июль айында Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал эми октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашканда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарган.

Түлөбаев мэрдин м.а. болуп турганда кадрдык алмашууларды жүргүзүп, бир нече вице-мэрлерди жана Суракматовдун учурунда кеңешчи болуп иштеген Гуля Алмамбетованы кызматтан бошоткон.

Өзү бул кызматтан үстүбүздөгү жылдын февраль айында жазган арызынын негизинде бошотулган. Кийин мэрдин м.а. болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалган.