COVID-19: Коронавирустун жаңы 283 учуру катталды, 7 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

28-майда коронавирустун жаңы 283 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 218, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 65. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 169;

Чүй облусунда — 35;

Ысык-Көл облусунда — 26;

Ош шаарында — 15;

Жалал-Абад облусунда — 15;

Ош облусунда — 5;

Талас облусунда — 4;

Баткен облусунда — 6;

Нарын облусунда — 8.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 103 866га жетти.

Ал эми акыркы суткада 391 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 278, Чүй облусунда — 68, Ош шаарында — 7, Ош жана Талас облустарында — экиден, Ысык-Көл облусунда — 20, Жалал-Абад облусунда — 3, Нарын облусунда — 11 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 97 542 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 658 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 422 киши оор, 90 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 854 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 028.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — төрт, Чүй, Талас облустарында жана Ош шаарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 788 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарында бир, Ош шаарында жана Баткен облусунда эмгектенген экиден медкызматкер коронавируска чалдыкты. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 637ге жетти, анын ичинен 4 560 медкызматкер илдеттен айыкты.