Материал 17:01де жаңыртылды
Ош шаарынын аэропортунда Тажикстандын үч жараны төрт күндөн бери кармалып турат. Алардын экөө аял, үчүнчүсү алты жашар кыз. 21-майда Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасын тажикстандыктар үчүн убактылуу жапкан.
«Манас» аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова «Клоопко» тажик жарандары Орусиядан депортацияланганын билдирди. Ошондой эле буга чейин алардын акча отурганы тууралуу тараган маалымат чындыкка дал келбегенин айтты.
«Бул чындыкка дал келбеген маалымат. Себеби аларды алып келген “Авиатрафик” авиакомпаниясынын өкүлдөрү аларга тамак берип жатышат», — деп кошумчалады Курбанова.
Орусиянын Сургут шаарынан 25-майда Ош шаарына учуп келген тажикстандык Маргарита Расулова небереси менен аэропорттон чыга албай жатканын «Азаттык» басылмасына айтып берген.
Расулованын айтымында, ал Тажикстанга Ош аркылуу кетүүнү самаган. Анткени Сургутта аэропортто аларды транзит аркылуу кете аласыңар деп ишендиришкен.
«Тажикстан менен чек ара жабык деп жатышат. Бизди кайра Сургутка кетиришет экен. Бирок биздин документтерибиз Тажикстанга барганга гана жол берет. Орусия бизди кайра кабыл албайт. Ал жакка барганга каражатыбыз да жок. Акыркы акчабызды чогултуп, 38 миң рублге билет сатып алып мекенге кайтып келе жатканбыз. Бирок бизди коё бербей жатышат. Суу да беришкен жок. Сырттан нан сатып жейли десек да чыгарбай жатышат», — деген Расулова.
26-майда Дүйшөмбү шаарынан Бишкектин «Манас» аэропортуна конгон «Сомон Эйр» чартердик учагы кайра Тажикстанга кайтарылган. Анын ичинде 177 тажик жараны болгон Ал эми тажикстандыктар менен кошо учуп келген башка өлкөлөрдүн тогуз жараны Кыргызстанга өткөрүлгөн.
Кийинчерээк Тажикстандын тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, тажикстандыктарды Кыргызстанга барбоону жана өлкөнү транзит катары колдонбоону суранган. Тажик бийлиги өзүнүн жарандарына чет өлкөлөргө «чүнчү өлкөлөр аркылуу өтүүнү» сунуштаган.
Кыргыз-тажик чек арасында киргизилген чектөөлөр
УКМКнын чек ара кызматы билдиргендей, министрлер кабинети 21-майдан тартып Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген.
Бул чектөөлөр Кыргызстан менен Тажикстандын, мындан сырткары, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлөсү Кыргызстандын тийиштүү органдары менен алдын ала макулдашуудан кийин чек араны кесип өтө алышат.
Ошол эле учурда Тажикстанда жүргөн Кыргызстандын жарандары Кыргызстанга кайтып келе алышат, ал эми Кыргызстанда жүргөн тажик жарандары мекенине кыргыз-тажик чек арасындага өткөрмө пункттар аркылуу чыгып кете алышат.
23-майда министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун чек арага жакын айылдарынын тургундары менен жоолугушуусу учурунда киргизилген чектөөлөр «көйгөйлүү маселелердин чечилишине чейин» сакталат деп билдирген.
Тажикстандын Бишкектеги консулу Абубакр Шодиев кыргыз-тажик чек арасындагы чектөөлөр тууралуу аларга алдын ала кабар берилбегенине нааразы болгон. Ал эми чек ара кызматы алар министрлер кабинетинин токтомун гана аткарып жатканын билдиришип, ведомство Тажикстанга алдын ала кабар берүүгө милдеттүү эместигин жана бул алардын компетенциясына кирбей турганын айтышкан.
Тажик аскерлеринин агрессиясы
2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.
Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чырда жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркагандыгын маалымдаган.
Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жаңжалдан 87 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 19 киши набыт болгонун кабарлаган.
Мындан сырткары, жаңжалда Тажикстандын жарандарына таандык 14 үй толугу менен жана үч үй жарым-жартылай бузулганын билдиришкен. Ошондой эле, бир курулуш жана бир мектеп жарым-жартылай жабыркаган.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракетин аскерий агрессия катары баалаган. Ошондой эле Кыргызстандын аскерлери коргонуу максатында гана курал колдонгонун белгилеп, Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салбаганын маалымдаган.
Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.
ТЕМА БОЮНЧА: