Садыр Жапаров Баткен облусуна «өзгөчө көңүл бурууну» убада кылды

Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

28-майда Садыр Жапаров Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай айылынын жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жоолугушууда мамлекет башчы «бийлик Баткен облусунун жашоочуларына өзгөчө көңүл бурарын» жана чек ара коопсуздугун камсыздай турганына убада берди.

««Мамлекет Баткен облусунун тургундарына мындан ары дагы жакындан көңүл бурат, мамлекет чек ара маселелерин чечүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат. Бул багытта чаралар көрүлдү, мамлекеттер аралык өкмөттүк комиссиялар иштеп жатат», — деди ал.

Мамлекет башчысы жаштардын чет өлкөлөргө иш издеп кетүүсүн алдын алуу үчүн Баткен облусуна өзгөчө статус берүүгө ниеттенип жатканын айтып берген.

Ал бийлик мында ары дагы Баткен облусуна социалдык объектилерди курууга жана инфраструктурасына өзгөчө көңүл буруларына убада берди.

Жапаров 27-майдан бери Баткен облусун кыдырып жүрөт. Өлкө башчысы Баткенге иш сапары менен бараары буга чейин айтылган эмес. Качан гана аймакка келгенде белгилүү болгон. Адатта президенттин басма сөз кызматы өлкөнүн облустарына пландалган иш-чаралар тууралуу алдын ала кабарлайт.