«Тез жет»: Ош жана Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө каттамдар ачылат

«Тез жет» авиакомпаниясы 18-июндан тарта Ош — Ысык-Көл — Ош жана Жалал-Абад — Ысык-Көл — Жалал-Абад каттамдарын жандантат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы 28-майда маалымдады.

Ага ылайык, Ош шаарынан Ысык-Көлгө каттамдар шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү, ал эми Жалал-Абаддан каттамдар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.

«“Манас” аэропорту авиабилеттерди сатуу менен алектенбейт жана бааларды көзөмөлдөп, ага таасир тийгизе албайт! Ошондой эле, авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы финансылык карым-катнашка кийлигишпейт», — деп белгилешти ведомстводон.

«Тез жет» Кыргызстанга тиешелүү авиакомпания. Ал 2013-жылдын 23-апрелинде негизделген. 2018-жылы 1-март күнү «Тез жет» авиакомпаниясынын Бишкек — Баткен багытындагы RG-85 учагынын кыймылдаткычы иштен чыгып, жарым сааттан соң «Манас» аэропортуна ийгиликтүү конгон. Анда самолёттогу 96 жүргүнчүнүн эч кимиси жабыркаган эмес.