Тимур Файзиев өткөн жылдын августунда эле башкы директорлуктан кеткен — Elite House

Elite House курулуш компаниясы анын негиздөөчүсү Тимур Файзиевдин айланасындагы окуяларга байланыштуу билдирүү жасады. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкерди камакка алууга сыртынан чечими кабыл алган.

Компаниядан билдиришкендей, «Файзиев боюнча компетенттүү органдар гана комментарий бере алышат».

«Файзиев Elite House компаниясынын башкы директорлугун 2020-жылдын август айында эле өткөрүп берген. Ишкана штаттык режимде иштеп жатат, курулуш иштери графикке ылайык жүрүүдө. Компаниянын өнөктөштөрү менен үлүшчүлөрүнүн алдындагы бардык милдеттери өз убагында аткарылат», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Elite House компаниясынын башкы директору болуп Руслан Нармедов, ал эми негиздөөчүлөрү болуп Тимур Файзиев менен Шахинур Нармедова эсептелет. Economist.kg басылмасы билдиргендей, Файзиев 2018-жылдан бери Elite House фирмасынын башкы директору болбой калган.

Файзиевдин иши

27-майда бир катар ЖМКлар жеке маалымат булактарына таянып, Тимур Файзиев коррупцияга аралашкан деген шек менен кармалганын жазышкан.Бирок көп өтпөй эле Файзиевдин жүргөн жери учурда белгисиз экени жана сот аны камакка алууга сыртынан чечим чыгарганы белгилүү болгон. Соттон тактоо кылышкандай, баш коргоо чарасы сыртынан кабыл алынганда анын мөөнөтү аныкталбайт.

Эгерде Файзиев кармалса, анда ал ЖАМКка караштуу №21 мекемесине жөнөтүлөт — бул ТИЗО-1. Тергөөнүн Файзиевге кызыгуусу кимдин ишине байланыштуу экени белгисиз.

Бирок буга чейин Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов кармалган. Мурдагы калаа башчысы мыйзамсыз баюуга шектелип жатат — тергөөнүн версиясы боюнча, Суракматов борбор калаада мэр болуп турганда мэриянын айрым кызматкерлери жана ири курулуш компаниянын өкүлдөрү менен бирге коррупциялык схеманы түзүп, муниципалдык жерлерди коммерциялык мекемелер жана көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн берүүгө шектелип жатат.

Тема боюнча:

УКМК Бишкекте мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдү аныктады